Аба катамдардын айрымдары токтотулду

      Ички каттамдар менен катар сыртка учуулар дагы жүргүзүлө баштап, анын ичинен Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба жолун толук калыбына келтирүү иштери да бүткөн.
Ушул жылдын 20-мартынан тарта Россиянын эки шаарынан "Тамчыга" жаңы авиакаттамдар жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирген.

      Каттамдар Москва жана Екатеринбург шаарларынан жасалат.Ысык-Көлдөгү "Тамчы" эл аралык аэропортуна Москвадан алгачкы чартердик каттам 20-мартта келди.Жүргүнчүлөрдү Airbus лайнери ташый турганы айтылган.

     Бул аба каттамдардын ачылышы облустун 2021-жылдагы туристтик тармагын камсыздоого чоң салым кошору билдирүүдө белгиленген.

    Азыркы тапта ,Кыргызстандын Avia Traffic авиакомпаниясы Россиянын шаарларына ачкан каттамын кайрадан токтотту.
"Манас" эл аралык аэропорту мунун себеби эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.

      Аны менен катар China Southern Airlines компаниясы Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамын токтоткон.
Air Astana дагы Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча убактылуу учпай турган болду.
Керектүү маалыматтарды жана каттамдардын расписаниесин "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат.
Ошондой эле аэропорт билет сатуу жана аны жөнгө салуу иштери менен алектенбей турганын эскертти.
      Буга чейин, бүгүн эртең менен Россия жана башка алты өлкөгө авиакаттамдар көбөйтүлгөнү айтылган.

 

Комментарийлерди караңыз:

Коом

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg