Өзбекстан жыл аягына чейин электромобилдерди чыгарууну жолго коет.

Борбордук Азия Моторс ушул жылдын декабрь айында Ферганада Кытайдын электромобилдеринин бир нече моделдеринин сыноо курамын баштай турганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Объекттер Фергана механикалык заводунда жайгашат. Долбоордун баасы 50 миллион долларга бааланган, анын 40 миллион доллары түз чет элдик инвестициялар, 5 миллион доллары банктык кредит жана дагы 5 миллион доллары өзбек ишкерлеринин каражаттары.
Долбоор бир нече этап менен ишке ашып, 2022 -жылдын аягына чейин бүтөт. Толук кубаттуулукка жеткенде жылына 10 миңге чейин электромобилдерди чыгаруу пландалууда. Бул 300дөн ашык жумушчу орундарын түзөт.
Декабрь айында жүргүнчүлөрдүн 4 моделин жана коммерциялык унаалардын 8 моделин чыгаруу пландалууда. Инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүн жана кубаттоочу станциялардын жоктугун эске алганда, биринчи этапта бардык моделдер гибрид болот, башкача айтканда, алар электр энергиясы менен да, бензин менен да иштей алышат.
Долбоорго ылайык, Ферганада арзан чакан унаалар да, кроссоверлер да, кичи автобустар да чогултулат.

 

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg