
05 Янв.2021
11-январдан тарта Өзбекстандын бардык студенттери салттуу билим берүү формасына кайтышат деп билдирет Өзбекстандын Жогорку билим берүү министрлиги.
Өзбекстандын ЖОЖдорунда салттуу билим берүү формасы 11-январда башталат, деп билдирди Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Фархад Бабашев 4-январда Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинде өткөн брифингде.
Анын айтымында, студенттер ден-соолугу же социалдык коргоону камсыз кылуу зарылдыгы сыяктуу объективдүү себептерден улам окууларын онлайн режиминде уланта алышат. Калган студенттердин бардыгы окуусун салттуу түрдө улантуулаары керек.
Все права защищены © 2020
Сайт разработан: http://webformat.kg