9 миллион калкы бар Кытайдагы шаары Covid-19 га тест тапшырат.

Кытайда буга чейин чет өлкөдөн кайтып келген жарандар арасында коронавирус аныкталып, алар жаткан ооруканада вирус башкаларга жукканы аныкталган.
Мындан улам, Кытай беш күндүн ичинде калкынын саны тогуз миллион болгон Циндао шаарында коронавирусту аныктоочу тесттерди өткөрөт. Тургундардын баары анализ тапшырат.
Учурда Кытай вирусту көзөмөлдөп турат. Бул мамлекетке салыштырмалуу АКШ менен Европада Covid-19 кеңири тарап, миңдегендер көз жумду.
Циндао шаарынын Саламаттык боюнча муниципалдык комиссиясы коронавируска кабылган алты жаңы учур катталганын, андан тышкары алты бейтап симптомсуз экени аныкталганын жар салган. Жаңы учурлардын бары ооруканада жаткандардан табылды.
Кытай бийлиги коронавируска кабылгандардын саны аз болсо дагы вирусту аныктоочу тестти жапырт өткөрүү стратегиясын карманып келет.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg