АКШда гей биринчи жолу министр болду

АКШнын Сенаты Пит Буттиджичти Транспорт министринин кызмат ордуна бекитти. 39 жаштагы саясатчы АКШнын министрлер кабинетиндеги биринчи гей министр болуп калды.
Ага президент Джо Байдендин улуттук инфраструктураны калыбына келтирүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча күн тартибин алдыга жылдыруу милдети жүктөлөт.
- Индиана штатындагы Саут-Бенд шаарынын мурдагы мэри. Анын талапкерлигин 86 конгрессмен жактырса, 13 каршы чыкты.
Жаңы гей министр 55 миң кызматкери жана ондогон миллиард долларлык бюджети бар агенттикти жетектейт.
Буттиджич Американын транспорттук түйүндөрүнө- автобустарга, метро тутумдарына жана Amtrak керектөөчүлөрдүн ишенимин калыбына келтирүү жана коронавирус пандемиясынын арасында жүргүнчүлөрдүн агымынын кескин төмөндөшүн алдын алуу боюнча ыкчам иш алып барууга убада берди.

 

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg