АКШнын «Johnson & Johnson» компаниясы коронавируска каршы вакцинасын текшерүүнү токтотууга аргасыз болгонун билдирди.

Буга сыноого катышкан ыктыярчылардын бирине белгисиз оору диагнозу коюлгандыгы себеп болгон.
Компаниянын маалыматы боюнча, катышуучунун абалы изилдөө предметтеринин коопсуздугу жана маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча көз карандысыз комиссия, ошондой эле бир катар медициналык эксперттер тарабынан изилденүүдө.
Маалыматка ылайык, компания тарабынан иштелип чыккан вакцина клиникалык сыноолордун I жана II фазаларынын катышуучуларына коронавируска каршы туруктуу иммундук жоопту иштеп чыккан.
23-сентябрда «Johnson & Johnson» клиникалык сыноолордун III этабын баштаган. Изилдөөгө 3 континенттин 8 мамлекетинен 60 миң адам катышкан.

 

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg