БИЙЛИККЕ ЖУЛУНБАГАНДАРДЫН ӨЛКӨСҮ

ФИНЛЯНДИЯ

     Ары табышмактуу, көз жоосун алган өлкөлөрдүн бири болуп саналган Европанын бул мамлекети дүйнө жүзүндө өнүккөн жана күчтүү мамлекет.

ТАЛАШУУНУН ЧОРДОНУ БОЛГОН

     Финляндия – Түндүк Европадагы мамлекет, швед тилинен Finland – «финндердин жери» деп которулат. Тарых барактарында Финляндия тууралуу биздин заманга чейин 98-жылы айтылат, заманбап тарыхы 1809-жылдан башталат. 650 жыл Швециянын карамагында күн кечирген финндер Швеция менен Орус империясынын ортосунда талашка түшүп келген. Көп жылдык согуш орустардын карамагына өтүү менен аяктап, император Александр I Финляндияга Автономдуу Улуу княздык титулун берет. Ушундан тарта финндер мамлекеттик башкаруу системин калыптандырып, финн тили мамлекеттик статусун алган, улуттук банкы курулуп, рублдан финн маркасына өтүшкөн. 1917-жылга чейин Романовдордун башкаруусунда болгон Финляндия «ак» жана «кызылдар» тирешин башынан өткөрүп, 1917-жылкы төңкөрүштөн соң көз карандысыз мамлекет статусун алган. Финндер орустар менен 1918-жылдан 1939-жылга чейин 3 жолу, Улуу Ата Мекендик согушта да аларга каршы согушкан. Бирок 1944-жылы Советтер Союзу менен келишимге келип, фашизмге каршы күрөшүп, акырында жеңүүчүлөрдүн желегин көтөргөн.

ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ ЖОЛ...

      Финляндияны президент Урхо Кекконен башкарып турган маалда СССР менен мамилеси бир топ бекемдейт. 90-жылдары мамлекеттин соода тармагынын 20 пайызын камсыздаган СССРдин урашы менен финндердин мамлекетинде да катаал жашоо башталган: кеме куруу, курулуш, токой-чарба өнөр жайы баары токтоп, жумушсуздук күч алган. Эл Европанын башка мамлекеттерине агыла баштаган. 1995-жылы Европа биримдигине кирүү менен гана мамлекеттин экономикАсын туруктуу сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
1995-2000-жылдардагы экономикалык өсүү 2 фактордун негизинде ишке ашырылып турган.
        Биринчиси-Финляндия башка постсоветтик өлкөлөргө караганда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү иштерин ийгиликтүү жүргүзгөн. Ишкана, холдингдердин жетекчилигине иштин көзүн таба билген инвесторлор келген.
      Экинчиден-коңшу Европа мамлекеттери менен бат эле тил табышып, алака түзүүгө жетишкен. Дүйнө жүзү боюнча Орусиядан тышкары бир да мамлекет токой-чарба өнөр жайы боюнча Финляндия менен атаандаша албайт. Кагаз өндүрүү боюнча биринчи орунда келүүдө.Бүгүнкү күндө биз окуган ар бир бешинчи китептин барактары Финляндиядан чыгарылат.

БИЙЛИККЕ ЖУЛУНБАГАН САЯСАТЧЫЛАР

        Тең укуктуулук, бай-кедей деп бөлүнбөй бирдей жашоо образы жана бирдей кызмат көрсөтүү – финндердин акыркы 20 жылдан бери келе жаткан «фишкасы». Жарандар бийликке көп деле жулуна беришпейт, анткени саясатчыларга көзөмөл күч: карапайым калктын салыгынын эсебинен акча төлөнгөн адам кандай, кайда жашап жатат, башкаларга эмнеси менен үлгү, канчалык эффективдүү иштеп жатканына чейин баары сындалат.
Учурдагы президент Саули Ниинистё 2012-жылдагы шайлоодон кийин мамлекеттин тарыхындагы эң бай президент аталган. Ал 10 жылдык башкаруусунда болгону жарым миллион евро тапкан. Статистикага ылайык, Финляндия президенти дүйнөдөгү көп каражат коротпогон ажолордун катарында экенин баары эле биле бербесе керек.

ИЧКИҢ КЕЛСЕ ОРУСИЯГА БАР...

          1919-1932-жылдар аралыгында Финляндияда «кургак мыйзам» орун алып,
мамлекет жарандарга сыра, шарап ичимдиктерин ичүүгө уруксат берет. Бирок күчтүү ичимдиктерге болгон финндердин «сүйүүсү» кайрадан бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген. Учурда сыраны 18 жаштан жогору, ал эми андан күчтүү ичимдиктерди 20 жаштан жогору адамдар гана иче алышат. Алкоголдук ичимдиктердин баасы өтө кымбат жана атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Дем алыш күнү алкоголдук ичимдик сатууга болбойт, калган күндөрү сатуу убактысы чектелген. Көпчүлүк учурда «майрамдагысы» келген адамдар коңшу Орусия, Эстонияга чыгып эс алып келишет.

БҮТҮНДӨЙ МАМЛЕКЕТ БЕЛГИЛҮҮЛҮК ЧОРДОНУНДА

      Кичинекей мамлекет дүйнөдө экономикасы маанилүү роль ойной алат. Буга Финляндия башкы мисалдардын бири. IT-технология тармагында «Nokia», косметика чыгаруучу «Lumene», автошина чыгаруучу «Nokian», «Fazer» кондитердик фабрикасы, «Finnair» авиакомпаниясы, «Angry Birds» («Каардуу чымчык») мобилдик оюндарды чыгаруучу «Rovio Entertainment Oy» компаниясы жана башкалар. Бул атактуу бренддердин чети гана...
        Финляндия кылмыштуулуктун төмөндүгү жана коомчулуктун коопсуздугун сактоо боюнча дүйнө жүзү боюнча 1-орунда турган өлкө. Бул менен
алар өз мамлекетин да брендге айлантып коюшту. Мактанарлык көрсөткүчтөрүн санап өтсөк, ички дүң продукциясынын бир жаранга ылайыкталган көлөмү – 34 401 доллар (Кыргызстанда 3467 сом)
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүндө таза абанын сапаты боюнча 3-орунда, 2011-2014-жылдары америкалык «Fund for Peace» фонду Финляндияны «Дүйнөдөгү туруктуу өлкөлөрдүн» катарына киргизген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун 2018-жылдын 14-мартында жарыялаган "The World Happiness Report" докладына ылайык, Финляндия «Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө» деп табылды (Кыргыз мамлекети 92-катарда).
       190 миңден ашык көлү бар «миңдеген көлдөрдүн мекени» аталган Финляндияга жылына миллиондогон туристтер, балыкчылар, аңчылар агылышат. Туризмдин өнүгүшүнө Лапландияда жайгашкан Санта-Клаустун шаарчасы да чоң салым кошуп келет. Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынын алдында Финляндиянын эң кооз аймагы Лапландияга бет алган бир жумалык саякат 3-4 кишиден турган үй-бүлө үчүн бир нече миң еврону талап кылат. Кымбат болгонуна карабай жыл сайын бул шаарчага келген эс алуучулардын саны көбөйсө көбөйөт, бирок азайбайт.
Ал эми Рованиеми шаарчасында Күн асмандан түшпөйт. Себеби түндүктөгү айтылуу ак түндөр ушул аймакта даана байкалат. Бул жакта күн күндүзү да, түнү да тийип, полярдык күндү байкаса болот.

ҮЛГҮ АЛУУ КЕЧ ЭМЕС

       Финндердин атагын чыгарган дагы бир тармак – билим берүү системсы. Мугалим – мамлекетте эң көп төлөнө турган абройлуу кесип. Билим берүү министри Санни Гран-Лаасонендин айтымында, сапаттуу билим жана педагогдук кадрларга басым жасоо Финляндиянын мамлекет катары өнүгүүсүнө алып келген: «Финн коомчулугу мугалимдерди ар дайым баалап жана сыйлап келет. Мугалим – билимдүү, көрөгөч, келечек муунду туура жолго, өнүгүү жолуна салчу адам. Биздин ийгиликтүү билим берүү системибиздин сыры – мугалимдер. Аларга эч кандай чектөө жок, кандай материал таап келет, окутуунун кандай ыкмасын тандайт, өзү билет. Бул мугалимдин да, окуучунун да ар тараптан ачылуусуна алып келет. 1-2-3-класстын окуучуларына кыска окуу программасы түзүлгөн жана ал көбүнчө оюндардан турат. Ойногон баланын кызыгуусу жана эске тутуп алуусу күч болот. Окуучуларга үй тапшырма берилет, бирок аз өлчөмдө. Бала мектепте окуп, үйдө эс алуусу керек. Жогорку класстарда күнүгө дене тарбия сабагы өтүлөт. Бул да болсо балдардын кыймылда болуп, калган сабактарга активдүү катышуусуна алып келет»,- дейт министр.

 

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg