ДСУУ: Дүйнөдө коронавирустун экинчи толкуну байкалган жок.

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 066 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты.
Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлүнө шилтеме берип чет элдик басылмалар жазды.
"Коронавирустун бардык түрүн жана формаларын изилдеп көргөнүбүздө, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкунунун башталганы байкалган жок. Болгону айрым өлкөлөрдө көбөйүп жатат. Ошол эле учурда вирус азайып калган мамлекеттер дагы жок эмес", — деп адисттер белгилешкен.
Дүйнөдөгү адамдардын беш гана пайызы вирустун оор формасына кабылды. Бирок катуу ооруп, сакайгандан кийин дагы ден соолугун калыбына келтире албай жүргөндөр арбын.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg