Европаны коронавирустун экинчи толкуну каптады

Европадагы мамлекеттер коронавирустун экинчи толкуну каптаганына байланыштуу бир катар катаал чектөөлөрдү киргизе баштады. Аймакта илдетке кабылгандардын бир күндүк көрсөткүчү жүз миңден ашып жаткандыктан ооруканалар толуп калышы мүмкүн деген кооптонуу жаралды.
Учурда абал Британияда, Орусияда, Испанияда, Францияда жана Чехияда өзгөчө кооптуу.
11-октябрда Орусияда коронавирус жугузуп алгандардын бир күндүк көрсөткүчү 13 миңге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Францияда COVID-19га кабылгандардын саны апрель айына салыштырмалуу эки эсе көп болуп, бир күндө 20 миңдин тегерегинде катталган.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg