Гаити президенти Жовенель Моиз белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлдү.

Белгисиз адамдар Гаитинин президенти Жовенел Моиздин резиденциясына кол салып, андан саясатчы көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Клод Жозеф билдирди . Бул Моиздин өмүрүнө кол салуу боюнча экинчи аракет, алар 2018-жылы президентти өлтүрүүгө биринчи жолу аракет кылышкан - бирок ал кезде Президент эч кандай жаракат алган эмес, атылган октор күзөтчүлөргө тийген.
Моиз менен кошо Гаитинин биринчи айымы Мартин Мари Этьен Жозефге дагы ок атылып ал жаракат алган. Анын абалы оор экени айтылууда.
Кол салгандар азырынча табыла элек, бирок бийликтин билдирүүсүндө кылмышкерлер испан тилинде сүйлөшкөнү айтылат. Ал эми Гаитинин расмий тилдери француз жана гаитилик креол тилдери болуп саналат.
Премьер-министр Жозефтин айтымында, республиканын бийлиги бийликтин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жана Гаити элин коргоо үчүн бардык чараларды көрүп жатышат. Жозеф Президентке кол салууну "жийиркеничтүү, адамгерчиликсиз жапайычылык" деп атады.
Жовенель Моиз 2017-жылы 7-февралда Гаитинин президенти болуп шайланган. Ал 1968-жылы 26-июнда туулган. Атасы соодагер жана дыйкан, ал эми энеси тигүүчү болгон.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg