Коронавирус дүйнөдө абал кандай?

Коронавирус дүйнөдө абал кандай?
2020-жыл дүйнө элдеринин эсинде Covid-19 менен калчудай. Пандемия жер планетасын өз кучагына алып, вирустун толкунун жалпы адамзат жоон терибиси менен сезди. Эми-эми жашоо өз нугуна түшүп калгандай сезилип, адамдар жеке гигиеналык эрежелерди унутуп, коменданттык саатты деги эле эстен чыгарып койгондой. Дегенибиз, Европада гана эмес Кыргызстандагы коомдук жайларда бет капсыз жүрү, той-аштардын көбөйүшү ага кошул таашыл нааразычылык акцияларында элдин көп топтолушу илдет тездик менен тарап, күн санап вирусту жугузгандардын саны арбый баштады.
Абал бир гана Кыргызстанда гана эмес Европада дагы курчуй баштаганыны Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму кулак кагыш кылып айтып жатат. Европа регионунда коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатат. Өзгөчө Францияда Covid-19 вирусуна кабылгандардын саны жогорулады. Бул өлкөдө бир күндүн ичинде 30 621 киши вирусту жуктурган. Учурда Париж жана башка шаарларда коменданттык саат киргизилди жана кайра жандандыруу бөлүмүндө орундар абдан аз калды. Ал тапта Улуу Британия Лондон шаарындагы карантин чектөөлөрүн күчөттү. Бул өлкөдө бир күндүн ичинде 18 900 жаңы учур катталып, 138 киши көз жумду.
Орусияда болсо бир күндүн ичинде 286 киши вирустан көз жумду. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Соңку күндөрү Орусияда 13 миңден кем эмес жаңы учур катталууда.
Монголияда 48 сааттын ичинде коронавирус инфекциясын жугузгандар аныкталган жок. Аталган өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 оорусуна чалдыккан 320 бейтап катталган. Алардын 97 %ы айыгып чыкты.
17-октябрдан тарта Франциянын борбору Парижге жана бир катар чоң шаарларына коменданттык саат киргизилет. Чектөөлөр 22 миллиондой калк жашаган аймактарда аз дегенде 1 айга созулары айтылган. Маалыматка ылайык, коменданттык саат 21:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта болот. Коменданттык саат учурунда себепсиз сыртка чыккандарга 135 евро айып салуу каралган.
Германиянын канцлери да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу үчүн барлар менен ресторандар саат 23:00дө жабылуусу керектигин жарыялады. Бул апрель айынан берки эсеп боюнча эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда.
Казакстандын үч облусунда кайрадан карантин күчөтүлдү. Бул аймактардагы кырдаал жаз мезгилиндеги бүткүл Казакстандагыдай болууда. Көпчүлүк ишканалардын жумуш убактысы кыскарып, конок тосууга, конокко барууга тыюу салынды. Эми спорт залдар иштебейт, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана базарлардын иштөө убактысы кыскартылып, айрым жайларда кайрадан өткөрмө пункттары орнотулду. Жергиликтүү бийлик азырынча бул эң катаал чаралар эместигин жана алар кеминде эки жума бою күчүндө болорун белгилешти.
Эми Кыргызстанга өтөлү, республикада 16-октябрга карата 431 жаңы учур катталды. Бишкек менен Ош шаары Covid-19 вирусунун очогуна айланып бара жатат деп коңгуроо кагууда айрым адистер. Күн сайын коронавируска кабылгандар саны өсүүдө. Бир күндүн ичинде төрт киши вирустан кайтыш болду. Коронавирус туу чокусуна жетип, канча мекендеш илдетти жеңе албай көз жумган унутуп калгандайбыз. Коомчулук жана жарандардын көңүл кош мамилеси, кайдыгерлик вирусту күчөтүүдө. Эгерде той-аштар, эл көп чогулган иш-чараларды, нааразычылык акцияларын токтотпосок илдетти ооздуктай албай, көзгө көрүнбөгөн вирус менен күрөшү кыйынчылыкты жаратары талашсыз. Андыктан жеке гигеналык эрежелерди сактап, эл көп чогулган жайлан оолак болуп, өз ден соолугуңузга кам көрүңүздөр.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg