Коронавирус уюлдук телефондо бир айга чейин кармалып турушу мүмкүн.

Коронавирус смартфондун бетинде, кагаз акчада жана металл кармагычтарда бир айга чукул кармалып турушу мүмкүн. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.
Оору менен күрөшүүгө даярдык көрүү боюнча австралиялык борбордун адистеринин айтымында, бөлмө температурасынын шартында жылмакай нерселерде коронавирус инфекциясы 28 күнгө чейин жашайт. Адистер өздөрү смартфондун айнектери, полимер жана кагаз акчалар, дат баспаган болоттон жасалган буюмдар кооптуу экендигин айтышат.
Аларда SARS-CoV-2 болжол менен 20 градустук жылуу температурада бир ай, +30 градуста үч жумага чейин кармалып турары белгиленди. Ал эми 40 градус ысыкта инфекция бир нече күн жашайт.
Австралиялык окумуштуулар адамдар кол сыяктуу антисептик менен тазалап турбагандыктан көп кармалаган смартфондун бети абдан кооптуу буюмдардын катарына кире тургандыгын эскертишет.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg