Короновирус Антарктидага да жетти.

      Чилилик О'Хиггинс изилдөө станциясында 36 адамга коронавирус диагнозу коюлду. О'Хиггинс деп аталган изилдөөчү станция Антарктидадагы Чилинин активдүү 13 базасынын бири. Ал Антарктида жарым аралынын эң түндүк чекитине жакын жайгашкан.
Антарктидадагы туристтик сезонду жокко чыгаруунун кесепеттерин изилдөө долбоорунун бир бөлүгү болгон Тасмания университетинин кызматкери Ханне Нилсен вирустун континентте болушунун кесепети көп болорун айтты.
       "Антарктидадагы COVID-19 учурларын аныктоо континенттеги адамдардын иш-аракеттерин пландаштыруу жана камсыздоодон баштап, жогорку деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга чейинки бир катар тармактарга таасир этет" жана "Антарктидада COVID-19дун болушу жергиликтүү жапайы жаратылышка да таасирин тийгизет, анткени вирустун адамдан малга жугуу коркунучу бар" деп кебин кошумчалайт Тасмания университетинин кызматкери Ханне Нилсен.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg