Журналист Ухань шаарынан кабар бергендиги үчүн түрмөгө кесилди.

Ухань коронавирусунун чыгышын чагылдырган Кытай жараны журналист төрт жылга эркинен ажыратылды.
Чжан Чжан “уруш-талашты баштоо жана башаламандык уюштуруу” боюнча күнөөлүү деп табылды.
Адвокаттары анын саламаттыгы начар деп билдиришүүдө.
CHRDдин айтымында, Чжан 14-майда дайынсыз жоголгон. Бир күндөн кийин, аны 640 км алыстыкта жайгашкан Шанхай шаарында полиция кызматкерлери кармашканы белгилүү болгон.
Ага ноябрь айынын башында расмий айып тагылган. Айыптоо корутундусунда ал "WeChat, Twitter жана YouTube сыяктуу платформалар аркылуу текст, видео жана башка маалымат каражаттары аркылуу жалган маалыматтарды жөнөткөн" деп айыпталган.
Ошондой эле ал чет элдик маалымат каражаттарына интервью берген жана Ухандагы вирус жөнүндө маалыматты "кара ниеттик менен тараткан" деп айыпталууда. Ага төрт жылдан беш жылга чейинки жаза өтөө сунушталды.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg