Педофилдер пандемияда активдүү болушат.

Коронавирус пандемиясы учурунда педофилдер Интернетте активдүү болушту. Буга Европа полиция агенттигинин (Европол) маалыматтары күбө.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери онлайн режиминде балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар көбөйдү. Европолдун башчысы Кэтрин де Боллдун Deutsche Welle деги сөзүнө караганда, кылмышкерлер обочолонуу учурунда Интернетте көп убакыт өткөргөн балдар менен түздөн-түз байланышка чыгууга көбүрөөк аракет кылышаарын жана педофил активдүүлүгүнүн көбөйүшү анын катуу тынчсыздануусун жаратып жаткандыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, пандемия мүлктү уурдоо, жасалма санитардык шаймандарды сатуу жана ооруканаларга киберчабуул жасоо менен байланышкан кылмыштардын санын көбөйттү.
Сентябрь айында Интерпол- пандемия балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын көбөйүшүнө алып келгенин билдирген.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg