Түркияга экинчи ирээт Кытайдан миллиондогон дозалык вакцина келди.

“10 миллион дозадан турган экинчи партиянын экинчи бөлүгү бар учак Стамбулдун аэропортуна келип конду.
Вакциналарды жөнөтүү, сатып алуу графигине ылайык уланууда.
Эртең менен Кытайдан келген вакциналары бар учак Стамбулдун аэропортуна келип конду” деп билдирет түрк басылмалары.
     

     Өткөн дем алыш күндөрү 10 миллион доза вакцинанын 1-партиясы менен 6 жарым миллион доза 2-партиясы 3.5 млн доза вакцина Түркияга кынтыксыз жеткирилди.

    Өлкөгө атайын контейнерлерде алынып келинген вакциналар учактан түшүрүлүп, бажы процедуралары жүргүзүлдү. Эми Коопсуздук сыноолорунан кийин вакциналар Түркия боюнча таратылат.

    Саламаттыкты сактоо министри Кожа вакциналардын келгендигин жарыялап жатып, "Вакциналарды жөнөтүү камсыздоо программасына ылайык улантылат" деди.

 

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg