Вирустун түрлөрү жана анын адамзатга тийгизген таасири.

Оору дүйнөгө массалык түрдө тараганда “пандемия”  учуру деп жарыяланат. Буга чейин жер бетинде миллиондогон өмүрлөрдү алган жугуштуу оорулар болуп келген. Алар: 20-кылымда  300-500 миллионго чейин адам өмүрүн алган “черная оспа” чечек оорусу, 541-700 ж.ж аралыгындагы Египеттеги, 1346—1353-ж.ж  Кытай жана Европадагы, 1894—1904 ж.ж Кытай жана Индияда күчөгөн чума оорусу, Холера илгертен бери жергиликтүү оору болуп келген, бирок 19-кылымда ондогон миллион адамдын өмүрүн алган эң кеңири жайылган жана өлүмгө алып келүүчү оорулардын бири болгон Холеранын айынан дүйнөдө 7-жолу “Пандемия” жарыяланган. Андан кийинки коркунучтуу оорулардын түрүн тиф толуктайт. Тиф - бул жогорку температуранын жана мас абалынын фонунда психикалык бузулуулар менен коштолгон кээ бир жугуштуу оорулардын жалпы аталышы. Биздин заманга чейинки 430-427-жж пайда болгон бул оору Биринчи Дүйнөлүк согушка чейин уланып, Россияда жана Польшада жергесинде гана  30 миллионго жакын адам ооруп, анын 3,5 миллиону каза болгон. Кененирээк видеону караңыз.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg