Японияда дагы жер титерди.

       Япониядагы жер титирөөдөн 120дан ашуун адам жаракат алды. Жер титирөө күчү 7,3 баллды түзүп, өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш жана борбордук бөлүгүндөгү 10 префектурада сезилди.
     Эң көп Фукусима префектурасы жабыркады. Дал ошол жерде жер титирөөнүн эпицентри болгон. Жер титирөөнүн кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бир эле учурда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы миллиондон ашык үй электр жарыгысыз калды.

Комментарийлерди караңыз:

Дүйнө жаӊылыктары

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg