Быйыл ички дүң өнүмү былтыркыга салыштырмалуу 5,9% төмөндөдү.

2020-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 335,5 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 5,9% төмөндөдү.
Бул көрсөткүч Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин арасында эң төмөнү болду.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттеги инфляция - 5,6%.
Евразия Экономикалык Биримдигинин кирген башка мамлекетттердин сегиз айдагы ИДӨ көрсөткүчү: Беларус - 1,3%, Казакстан - 3%, Орусия - 4,3%, Армения - 5,7.
Жыл башынан бери Кыргызстандын сырткы товар жүгүртүүсү 21,7% төмөндөп, үч миллиард 83 миллион долларды түздү. Импорт 30,9% (1,9 миллиард доллар) ылдыйлап, экспорт 1,7% (1,1 миллиард доллар) өстү. Экспортто алтын 34,2% жогорулаган. Пандемияга байланыштуу ар кандай чектөөлөрдөн улам, Кыргызстандын сырткы өлкөлөр менен товар алмашуусу былтыркы жылга салыштырмалуу 22,7 % га түштү.

 

Комментарийлерди караңыз:

Экономика

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg