Мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук сумма жумшалат

Ушул жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги кабарлайт.
Министирликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылдын январь-март айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 8 миллиард 101,8 миллион сом бөлгөн.
Бул сумманын дээрлик 5,4 миллиарды тышкы карызды төлөөгө жумшалган жана дагы мамлекеттик карыздан кутулууга 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул рекорддук сумма болуп эсептелинет.

Эске салсак, , өткөн жылы тышкы карызды төгүүгө 30,7 миллиард сом бөлүнгөң, анын 9 миллиарды январь-март айларына туура келет.

Комментарийлерди караңыз:

Экономика

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg