БОГОК ( ЗОБ) ДЕГЕН ЭМНЕ?

      "Биринчи байлык - ден-соолук" дегендей, эң оболу ден-соолукту караш керек. Кыргызстанда йод жетишсиздигинен бир канча оорулар пайда болуп, алардын ичинен богок безинин дарты учурда орчундуу маселе жаратууда. Бул оорунун пайда болуусу, белгилери жана алдын алуу чаралары боюнча кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк.

       Богок бези деген эмне? Бул оору богок бездеги Т-3, Т-4 гормондорунун өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Богок бези мээнин өсүп-өрчүшүнө жардам берчү гормондорду бөлүп чыгарат. Медицинада бул дарттын бир нече түрлөрү аныкталган. Ал өз ичинен диффуздук уулуу, түйүндүк уулуу (гипертиреоз) жана эндемикалык богок оорусу болуп үчкө бөлүнөт. Баш мээде жогоруда аталган гормондор азайса анда, ТТ-1 гормону көп бөлүнүп чыгып гипертиреозго алып келет. Мында адамды шишик басат, уйкусу келет, жүрүш-турушу, сүйлөгөнү жайлайт, кулагынын угуусу начарлайт, заңы катат. Эгерде Т-1, Т-4 көп бөлүнүп чыкса, анда алар ТТГдагы гипофизди басып таштагандыктан диффуздук уулуу богок оорусу пайда болот. Буга чалдыккан бейтап арыктайт, жүрөгү бат-бат согот, денесин калтырак басат, тердейт, буттары чалыштайт, чарчайт, бир жерде олтура албайт, көздөрү чанагынан чыкчудай болуп чакчайып калат. Аны меркозалилол перистатик дарысы менен дарылайбыз, мындай дартнаама (диагноз) менен курамында йоду бар дарыларды берүүгө болбойт. Эндемикалык богок оорусу курчап турган айлана-чөйрөдө туз жетишсиз болгон географиялык аймактарда көп учурайт.

Ооруну алдын алуу чаралары

       Богокту алдын алуу үчүн тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу талап кылынат. Ал үчүн тамактанаарга 5 мүнөт калганда тамакка йоддолгон туз салып анан ичүү керек, ошондо тамакта йод сакталып калат. Йод негизинен курма жемишинде көп болот. Ал эми Кыргызстанда топуракта, сууда, абада аз болгондуктан жашылча, жер-жемиштерде да аз. Андыктан балдарга деңиз азыктарын, капустаны, балыкты көбүрөөк жегенге аракеттениш керек. Тузду йоддоонун себеби мындай жол менен элдин бардык катмарына жетет. Йод мээнин өсүп-өрчүшү үчүн маанилүү болгон химиялык элемент.

Илдеттин алгачкы белгилери

        Биринчиден, эң жаман жагы жүрөккө катуу таасир берет. Жүрөк лакылдап согуп калат. Соо адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 60-80 жолу какса, богок менен ооруган адамдын жүрөгү 140 жолу согот. Ошентип олтуруп 10-15 жылда жүрөк жарабай калуу коркунучуна кептелет.

Богок адамдын келбетине таасир береби?

        Көздүн формасы өзгөрөт. Адам арыктап, терчил болуп калат. Нервге таасир этет. Күнүнө он жолу ыйлап, он жолу күлүп, психикалык өзгөрүүгө дуушар болот. Алкым безинин чоңоюшуна аялдар көбүрөөк чалдыгышат Кыргызстанда алкым безинин чоңоюшуна (богок) кабылгандардын үчтөн бир бөлүгү аялдар. Кыз кишинин организми жетилип, өткөөл курак башталганда организмге 2-3 эсе көп йод керек болот. Ошол кезде кошумча дарыларды бериш керек. Бул учурда дарыгерлер атайын дарыларды сунуш кылат. Алкым бези физиологиялык жактан өзүнөн өзү чоңоёт. Башында бул нормалдуу көрүнүш катары эсептелсе, өз убагында дарылабаса ооруга алып келет.


Богоктун жаш энелерге таасири

Аялдарда калыптануу, бойго бүтүү, айызы келчү маалда гормондор алмашат. Кош бойлуу аялдарда алкым бези чоңойбосо да курамында йод бар дарыларды ичиш керек. Андан сырткары бала эмизип жүргөн маалда ичсе болот. Балага да жакшы таасирин берет. Эрте торолуп, сөөгүнүн, аң-сезиминин өсүшүнө йоддун таасири чоң. Кыргызстанда эки эле тузда йод жетиштүү. "Урал" жана "Экстра" деген туз бар. Калган сатылып жаткан туздарда йод 50 пайызга жетишпейт. Чүйдүн, Ысык-Көлдүн сууларын текшергенде 30-40 пайызга чейин йоддун жетишсиз экени аныкталган.

Йоддолгон тузду кантип туура тандоо керек?

Курамында йод бар туз кургак, аппак, майда болот. Эгер туз ири, нымдалган болсо тузда йоддун жетишпегендигинин белгиси. Мисалы, адамдар йоддолгон туз деп сатып алышат. Бирок, туздун курамында йод организмге керектүү өлчөмүнөн аз.

Алкым безин дарылоочу элдик ыкма

Айылда апалар жаңгакты чийки маалында жалбырагын, мөмөсүн кошуп варенье жасашат экен. Мунун адамга зыяны жок. Бышкан алма, кара мөмөлүү четин, лимон жана апельсин, деңиз капустасын дайыма жеп жүрүү керек; Пустырьниктин жаңы ширесин (күнүнө 3 маал 40 тамчы) же анын тундурмасын (күнүнө 3 маал 20 тамчы) ичүү; Моюнга иштетилбеген табигый янтардан жасалган шуруларды тагынуу; Тамак-ашка жаңы деңиз балыгын колдонуу; Моюнга күч келтирбөө. Богок бези менен ооругандарга йодго бай келген деңиз абасы абдан пайдалуу келет, андыктан бул оору менен жабыркагандарга деңизге барып эс алуу сунуш кылынат.

 

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Илим

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg