Мээни эс алдырганды билесизби?

     Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса анда мээ чарчады деп билсе болот.
      Адамдын денеси физикалык жактан оор жумуш жасаса же бир нерсе аркылуу күч келсе чарчаганын билебиз. Бирок аң-сезими, мээси чарчаганда кандай болоорун көпчүлүк анча аңдай бербейт. Андыктан мээни да эс алдырыш керек экенин эске алып туруңуз.
      Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса, сырткы кебетеси да чарчаңкы тартып эч нерсеге көңүлү тартпай жатса ,анда дароо адиске кайрылышыңыз абзел.
Мээ, акыл эс менен иштөө өзгөчө нерсе, бирок анын чарчаганы ар кимге ар кандай байкалат. Негизи эле мээнин чарчоосу акыл-эсти көбүрөөк талап кылган жумуштан кийин жеткиликтүү эс албагандан пайда болот. Эгерде мээни эс алдырбай дайыма иштете берсе, ал адамдын ой- жүгүртүүсү начарлайт, депрессия жана өнөкөт оорулар пайда боло баштайт.
      Адам чарчаганда мээни эс алдырып, сергек болуу үчүн кофе ичишет. Бирок тилекке каршы кофени канчалык көп ичсе, адамдын нерв системасы бузулуп, бир нерсени так түшүнүүгө жөндөмсүз болуп калат.
Адамдын мээсинин маалыматты кабыл алуусу ар кандай болот. Кээ бирөөнүн мээси ар кандай маалыматты тынымсыз так, дароо кабыл алат.Ал эми кээ бирлериники мээни азыктандыруудан мыкты иштейт. Негизи эле мээнин чарчоосу менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жолу аны азыктандырып туруу шарт.

Мээнин чарчоосунун белгилери:
• Уйкунун качышы
• Мээ менен иштеген иште көп ката кетирүү
• Көңүлүн бир жерге топтоо кыйынга туруу
• Уйкуга жана тамакка табиттин бузулушу
• Абдан ачуулуу, урушчаак болуп, бат кыжырдануу
• Дайыма көңүлү чөгүп жүрүү

      Албетте, заманбап медицинанын өнүгүүсүндө мээнин чарчоосун ар кандай ыкма менен изилдешет. Бирок ошентсе да атайын адиске көрүнүп, бир сыйра организмиңизди баштан аяк медициналык кароодон өтүп, андан олуттуу дарт табылбаса анда көйгөй сизде экенин эске салабыз.
Туура эмес иштейбиз
     Орустун белгилүү жазуучусу Лев Толстой мээси жана физикалык жактан чарчабаганын айтып дайыма мактанчу экен. Себеби, ал түн бир оокумуна чейин чыгарма жазып, эртеси тура калып талаага чыгып чөп чапчу тура. Адистер мындай иштөөнү эң туура деп эсептешет. Себеби, акыл эсти физикалык жактан айкалыштырып иштеген адам эч качан чарчабайт экен.
     Негизи мээни иштетип, акыл эс көбүрөөк талап кыла турган кызматта иштесеңиз ар бир саат сайын сөзсүз он мүнөттүк тыныгуу кылып турганы оң. Албетте, баардык эле адамдар саат сайын он мүнөттөн эс ала беришпейт. Атүгүл бошураак убакыт боло калса сөзсүз сыналгыны же компьютерди тиктейт. Алар тура калып ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ары бери таза абада дем алууну эске алышпайт.
Туура эмес жашоо
       Бир күнде мээ канчалык көп иштээрине көңүл буруңуз жакшы. Эгер күнүгө эртең менен тураары менен мээ талап кылчу жумушта иштеп, кечинде жатаарда гана ал жумушту мээден алып салсаңыз аны чарчатып алуу коркунучу бар экенин унутпаңыз. Чарчаган мээ иште көп ката кетирерин эстен чыгарбаңыз. Ката кетирген сайын ошончолук көп иштөөгө туура келет. Бирок, канчалык аракет кылсаңыз да ката кетирип, эс тутумуңуз начарлайт.        Андыктан кызматыңыз канчалык кымбат болбосун, өзүңүздүн ден соолугуңузду биринчи орунга коюп, мээни эс алдырууга убакыт табыңыз. Адам суткасына 7-8 сааттан кем уктабашы керек. Убакыт жетпейт, иш бүтпөйт деп мээни күчкө салып, кыйнабаңыз. Мисалы, Эйнштейн суткасына 11-12 саат уктап, андан кийин гана ишинин майын чыгарчу экен.

 

Комментарийлерди караңыз:

Илим

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg