Үй-бүлөдөгү бала тарбиясы

      Баланы тарбиялоодо үй-бүлөдөгү тарбия чоң роль ойнойт. Ата-эненин тарбиясы, сөзү, мамилеси баланын кыялына, жүрүм-турумуна, коомдогу адам болуп калыптанышына таасир этет. Баланы тарбиялоо деген бул – адам баласынын өмүрүндөгү эң негизги нерсе болуп эсептелет эмепи. Андыктан ар бир улуттун баланы тарбиялоодо улуттук өзгөчөлүгүнө, үрп-адатына, каада-салтына жараша айырмачылыгы бар. Бүгүн биз сиздерге башка улуттагылар балдарын кантип тарбиялайт ошол жөнүндө айтып бермекчибиз. 

        Эң алгач кыргыздардын тарбиясына кичине токтолуп өтсөк. Кыргыздар эзелтеден эле баланы сөз менен жана ага жасалган мамиле аркылуу тарбиялоо жакшы ыкма экенин билишкен. Алар балдарын сөз, каада-салт, улуттук оюндар аркылуу тарбиялашкан. Мисалы, кыз балага кичинесинен аяр мамиле жасап, ал башка бүлөнүн энчиси экендигин ар дайым эскертип турушкан. Ойногондо да чоңураак келин-кыздарга кошуп, алардан үлгү алгандай шарт түзүшкөн. Ал эми эркек баланы болсо чыйрак болсун деп болочоктогу милдеттерин эске салышкан. Ушундай мамиле аркылуу бала эркекти кыз кишиден айрып таанып, алардын ар бирине тийиштүү өзгөчөлүктөрдү үйрөнгөн.

         Ал эми Англиялыктар балдарынын ар бир кыймылын макташат.Алардын ою боюнча, бала өзүн дайыма ишенимдүү алып жүрүшү кажет. Кичинесинде өзүнө ишенип чоңойгондор бой жеткенде кандай кырдаалга кабылбасын өзү чечим кабыл алууга жөндөмдү болот. Бала чыр салган убакта эч кимдин аны урушуга акысы жок. Темкеринсе аны оюнга алаксытып, баланын ыйын токтотушат. Жалаякка оролгон кезден тарта ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болот.

          Япондордо 5 жашка чейин каалаганын жасаганга уруксат. Жада калса карандаш же калемсап менен эмеректи, дубалды боёп же көлчүккө жатып алса да ата-энеси гана эмес эч ким эч качан тыйбайт, урушпайт. Бирок, бул мамиле 6 жаштан тарта, өзгөрүп, 14 жашка чейин ата-эненин мыйзамы менен жашайт. 15 жаштан тарта бой жеткен адам катары өз алдынчалыкка өтүшөт.

         Кытай эли балдарын ата-энеге каяша айтпай, баш ийе тургангандай кылып тарбиялашат. Тамактануу, ойноо, уктоо өз убагы мнен болууга тийиш. Мисалы, бир жарым жашынан тарта сүрөт тартып, тамгаларды үйрөнүүгө багыт алышат. Кытай балдар мактоолорду дагы аз угушат.

       Индиялыктар баласын чыдамкайлыкка жана табият менен гармонияда болууга туулгандан тарта тарбиялай башташат. Ошондуктан балдарын көчөдө жүргөн итти тепкенин же чымчыктын уясын бузганын эч качан көрбөйсүз.
      "Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат" демекчи ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жазылбаган мыйзамы болот. Ар бир ата-эне балдарын сүйүүгө бөлөп, мээрим төгүп өстүрөт. Улутка, коомго бөлбөстөн ар бир бөбөк балаллыктын бактылуу доорун өткөрүүгө татыктуу. Ааламда тынчытык болуп, балдардын күлкүсү ар дайым жаңырып турсун.

 

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Маданият

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg