Дресс код же кийимдер тууралуу кодекс.

Байыртадан эле, эзелки өлкөлөрдө дресс код кадимкидей эле колдонулуп келген. Анын эң негизги мааниси адамдын кийген кийимине карап статусун аныктоо болгон. Маселен: Кытайда император гана сары түстөгү кийим кийүү менен өзүнүн статусу маанилүү адам экенин көргөзө алган. Бизде байыркы кыргыздарда деле кыз-келиндерди баш кийиминен айырмалаган. Ал эми дал дресс код термини азыркы Англияда пайда болгон.
Дресс коддун бир нече түрү бар:
Алар: White tie, black tie, Coctail жана Casual.
White tie –Абдан сейрек колдонулуучу расмий жана катуу кийим талабы.
Бул талапка ылайык эркектер фрак менен үч топчусу бар ак көйнөк жана ак жилет кийүүгө милдеттүү жана жилет толук топчуланышы керек. Милдеттүү аксессуарлардын бири-бул ак түстөгү бантик-галстук. Бут кийим сөзсүз кара жана лакталган болушу керек.
Аялдардын көйнөгү сөзсүз түрдө жерге чейин болуусу, бийик такалуу бут кийим кийүүсү жана макияж менен келүүсү white tieдын талабы. Андан тышкары, колдор узунураак мээлей менен жабылышы керек. Ак галстук дресс кодунун дагы бир катуу талабы бул- чачты жасып келүүгө жана сапатсыз зер буюмдарды колдонууга жана аларды ашыра тагынууга тыйуу салат. Көпчүлүк адамдар катуу талапка жооп бериш үчүн кымбат баадагы зер буюмдарды ижарага алышат.
Кийинки дресс коддун бир түрү black tie деп аталат: ( биздин тилде кара галстук дегенди билдирет).
Black tie дагы эң катуу кийим коддорунун бири. Кечки саат 7ден кийин боло турган салтанаттуу иш-чаралар көбүнчө black tie кийим коддун колдонот. Бул дресс-код эркектер үчүн кыйла катуу жана ар кандай варианттарды ылайык көрбөйт. Кара түстөгү смокинг, жилет, шым, ак көйнөк жана кара галстук black tie кийим кодунун эркектерге болгон талабы. Ал эми аялдар эң башкысы узундугу тизеден ылдый кечки кече көйнөгүн такалуу бут кийим менен кийүүсү шарт. Мындай кийим талабы бар- кечелерге бархат, жибек жана шифондон тигилген кийимдерди кийип баруу туура болот.
Кийинки дресс код эрежеси Coctail.
Бул дресс-код адатта, иш-чара кечки саат бешке чейин пландалса, уюштуруучулар дал ушул coctail сөзүн чакыруу баракчасына жазып коюшат. Смокингдин ордуна эркектерге кара костюм кийип, бантик галстуктун ордуна ачык түстөгү жөнөкөй галстук тагынууга болот.

Аялдар үчүн коктейль түстөгү көйнөк эң жакшы вариант деп эсептелет. Бул дресс-коддогу юбка же көйнөктүн узундугу тизеге чейин болушу керек. Эгерде иш-чара ачык асманда болсо, анда кийимди калпак менен толуктоого уруксат берилет.
Casual кийим талабы эркектерге водоласка же джемпр менен костюмду, джинсы менен пиджакты кийүүгө уруксат берет. Ал эми аялдар кыска түстүү көйнөк жана өзгөчө стилдеги кийим кийүүсүнө болот.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Маданият

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg