Этикет түрмөгү: Көчө этикети

 

Көчөдө жөө же унаа айдап баратканда, негизги эреже автоунааларга жана башка жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпоо керек.Маданияттуу адам көчөдө таштанды таштабайт, сөөмөйү аркылуу бирөөлөдү көрсөтпөйт, түкүрбөйт, какырынбайт, балдарга кыйкырбайт, газондорду аралап кетпейт, жолдун ортосунда туруп алып маек курбайт.Баардык адамдын шашылыш иши бар, бирок шашып жатам деп жол эрежесин бузуп, жол чырагы жок жерде автоунаа жолдорун кесип чуркап өтүүгө болбойт - бул өз өмүрүңүздү тобокелге салуу болуп саналат. Айдоочулар, өз кезегинде, жөө адамдарга тоскоолдук жаратып, андан калса сөгүнүп, ашыкча шашып, беделиңизди төгүп алуудан сактаныңыз. 

Көчөдө досуңуз, тууганыңыз, таанышыңыз жалгыз жүрбөсө, аны токтотуп, убактын алып аны ыңгайсыздыкка кептып аны ыңгайсыздыкка кептебегениңиз жакшы.
Эркек киши жанындагы аял затынын оор чемоданын же азык-түлүк баштыгын көтөрүп жүрүүгө жана жардам берүүгө милдеттүү.
Бирок, бул аялдар көтөргөн сумкага же айымдын кол чатырына, кийген плащ же жакетине тиешеси жок.
Баардык учурда, эреже катары, көчөдө эркектер да тамеки чекпеши керек.
Унутпаңыз сиз өзүңүздү коомдук жайларда канчалык этикет эрежелерине ылайык алып жүрсөңүз ошончолу өзүңүздүн маданиятуу, ата-энеден жакшы тарбия алган жана абройуңуз жогору адам катары көрсөтө аласыз.
Этикет кимдер бирөөгө жүрүм-турум мыйзамын таңуулайбайт жөн гана сунуштайт. Ал эми сиз маданияттуу болосузбу же жокбу ал сиздин тандоо.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Маданият

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg