Кичинекей алматылык ашпозчу жана тапан блогер

       Алматылык кичинекей ашпозчу блогер Рамина болгону 7 жашта. Орус тилдүү аудиторияда атактуулукка жеткен Рамина Алмаздын видеолору инстаграм тармагында миллиондогон көрүүлөргө татыйт.
Андан сырткары, таланттуу кыз тамак жасоодон сырткары мода көргөзмөлөрүнө катышып ырдайт жана бийлейт.
Бирок, баарынан да Рамина өзүнүн ой-жүгүртүүсү, сүйлөө манерасы, тапандыгы менен жеке Казакстанда гана эмес, орус тилин түшүнүп сүйлөй алган өлкөлөр арасында атактуулукка ээ.

      Апасы Алина Канатова өзүнүн катышуусу менен алгачкы видеолорду 4 жыл мурун интернет желелеринде жарыялаган, бирок “өзүнүн жеке жашоосу үчүн турмушка чыгууну каалабаган кичинекей өзбек кыз " аттуу атактуу ролигинен соң Рамина атактуулукка жетип, Максим Галкиндин "Лучше всех!" балдар телекөрсөтүүсүнүн таланттуу шоусуна чакырылган, бирок карантинден улам шоу пргорамма ушул жылдын апрель айына жылдырылган.

         “Рамина өзүнүн популярдуулугу тууралуу билбейт жана биз катардагы үй-бүлөбүз: жолдошум экөөбүз жана үч балабыз - Рамина, Ранель жана кичинекей Рамир. Рамина быйыл биринчи класска барган. Ал 3,5 жашка чыкканда, мен анын куурчактар менен сүйлөшүп жаткандыгын видеого тартып, өз баракчама жайгаштыргам. Андан кийин анын күйөрмандары көбөйө баштады. Алар ага өзүнчө баракча түзүп берүүнү өтүнүштү. Ошентип @ramina_almas баракчасы пайда болду. Рамина атасы Шухратга, ал эми экинчи кызыбыз Ранель мага жакын ", - дейт талантуу кичнекей блогердин апасы Алина Канатова.

         Ал эми бул жолку видео Раминанын апасын жубатып турган учуру:

 

Комментарийлерди караңыз:

Маданият

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg