
16 Фев.2021
Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында 16-февраль түнү саат үчтө оорудан улам дүйнө салды
Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темировка айылында туулган.
Сейдакматовага Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган.
Актриса эгемендик жылдары алгачкылардан болуп көз карандысыз "Туңгуч" театрын негиздеген.
Андан сырткары, «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.
Все права защищены © 2020
Сайт разработан: http://webformat.kg