Расмий тыянак чыгарбоого чакырат

Саламаттыкты сактоо тармагындагы медиа эксперт Елена Баялинова, COVID-19га каршы эмдөөдөн улам 39 жаштагы тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун каза болгондугу жөнүндө кабарды Фейсбукта биринчи болуп тараткан, жана бул кабар коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салган. Елена Баялинова 24.kg маалымат агенттигине Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алышы да албашы да мүмкүндүгүн белгилеп, бирок ага катарлаш башка дагы процедурадан өтүп жана сайылган дары текскери реакция берип кетишин белгилеп, расмий тыянакты күтүүгө чакырат.
«Азыр бардык туугандар, тактап айтканда жакын чөйрө Каракол шаарында акыркы сапарга узатуу зыйнатында, менде тактаганга эч ким жок. Мен алардан ушул маалыматты сурадым да. Мен жөн гана бул адамдарды жакшы билем, башында мага вакцина алып, каза болуп калды деп айтышкан. Бирок ал COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнбү же башка дары болгонбу, туугандары билишпейт », - деп түшүндүргөң Елена Баялинова 24.kg маалымат агентигине.
      Андан сырткары, Баялинова Кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап “Мен өз катамды мойнума алам жана маркумдун жакындарынын бардык шек саноолору соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы менен жоюлат деп ишенем. Ал эми объективдүү кызматтык иликтөөдөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги корутундуну акыйкат жана ачык жарыялайт деп ойлойм. Дагы бир жолу кайталап айтам, эмдөө ар бир жарандын, ар бирибиздин жоопкерчиликтүү жана ыктыярдуу тандообуз. Биз коркуу сезимине алдырып койбошубуз керек.Ага шылтоо издеп, социалдык тармактардан элдин оюн бузуунун кажети жок.Расмий маалыматтарга, далилденген тажрыйбага, билимге жана далилдерге ишенип,ошондой эле ар бирибиз өз ден-соолугубуз үчүн жооптуу экенибизди унутпайлы”деп өз пикирин билдирген.

     Эске салсак, 1-апрель күнү энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакиров көз жумган. Алдын ала маалымат боюнча, ал жогоруда аталган ооруканага дары-дармектери менен келип, укол сайып койуусун суранган, кан тамырдан укол алгандан кийин өзүн жаман сезип, ошол жерден акка моюн сунган.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Коом

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg