“Кумтор голд” ишканасынын кызыкчылыгын колдоп кол көтөргөн камала элек 40 дан ашык депутаттар да камалыш керек.

“Келечекке Жол” медиа жана мониторинг борборунун азыркы түзүлгөн саясий кырдаал боюнча билдирүүсү.

Кумтөр кенинин айланасындагы ызы-чуу ушул убакка чейин бүтпөй келет. Кумтөр ушул мезгилге чейин кыргыз элинин кызыкчылыгына иштебестен, чет элдик кампаниянын кызыкчылыгы үчүн иштеп, Кыргыз элине тийиштүү асман тиреген аскалар, ак-карлуу тоолор талкаланып, түбөлүк мөңгүлөр талкаланып, экологияга болуп көрбөгөндөй зыян келтирилүүдө. Мындан кийин Кумтөрдөгү элдин байлыгы негизинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана иштешине карата бардык шарттар түзүлүшү керек.
Кумтөр кениндеги байлыкты кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына иштетүү максатындагы Кыргыз Республикасынын жаңы жетекчилигинин жигердүү аракети жана бул ишке байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кабыл алган чечими колдоого татырлык.
Бирок сырттан башкаруу киргизүү менен эле чектелбестен, Кумтөр кенин биротоло улутташтырып же эл аралык соттошуу процессин болтурбоо максатында Кумтөрдү мурда иштетип жаткан “Кумтөр голд” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн эки эсе көбөйтүп алсак эле чоң жетишкендик болоор эле.
Ал эми “Кумтөр голд” ишканасы менен Эл аралык арбитражда соттошуу бизге утуш алып келбеши толук мүмкүн . “ Кумтөр голд” жана “Кумтор оперейтин” ишканасы эле эмес, анын акционерлери менен дагы соттошууларга кабылып, миллиондогон акчаларга зыян тартып, ушунун негизинде эл аралык инвестициялык чөйрөдө биз тууралуу туура эмес пикир түзүлүп, инвесторлорду өзүбүздөн качырган өлкөнүн кейпин кийип калуу коркунучу келип чыгат.
Ошондуктан бардык териштирүү мыйзамдын чегинде гана болуп, буга байланыштуу аракеттердин баары укуктук талаада гана өтүүсү керек. Бул ишке байланыштуу кайсыл бир чиновникти же депутатты жоопко тартуудан мурун, алардын ошол ишке байланыштуу жоопкерчилигин аныктап, адам укугунун баалуулуктарын сыйлап, анан ошого жараша тиешелүү мыйзамдык чараларды көрүү талап кылынат.
Адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин сот гана аныктай алат. Соттун биринчи инстанциясы эле эмес, экинчи инстанциясы да өтүп, сот өкүмү күчүнө киргенде гана, мыйзам тарабынан адам күнөөлүү деп таанылат.

Мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков жана мурдагы Премьер-Министр Өмүрбек Бабанов баштаган кээ бир депутаттарды жана мурдагы кээ бир атка минерлерди гана күнөөлөбөстөн, Кумтордүн ошол кездеги Канадалык жетекчилигине жан тарткан башка депуттардын жана ошол ишке тийиштүү атка минерлердин үстүнөн да кылмыш ишин козгоп, алардын баш коргоо чарасын үй түрмө менен эле чектеп, алардын күнөөсүн ар-тараптуу териштирип карап, анан соттун чечимин чыгаруу туура чечим болоорун баса белгилеп кетебиз.
Эгерде камай турган болсо, ошол кездеги “Кумтор голд” ишканасынын кызыкчылыгын колдоп кол көтөргөн камала элек 40 дан ашык депутатты да жана буга түздөн-түз тиешеси бар мурдагы жогорку даражалуу атка минерлерди да камап, баарына бирдей катаал мамиле кылуу керек. Ал эми Кумтөр ишине байланыштуу азыркыдай камоолор бийлик органдары тарабынан тандап мамиле кылган сыяктуу коомдук пикирди жаратууда.

Бирок маалымат үчүн айтаарыбыз, күнөөсүн толук аныктабай туруп эл өкүлдөрүн камакка алуу, жазык жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Конституциясынын 2-бөлүмүнүн 78- беренесине каршы келээрин эскерте кетебиз. Ар-тараптуу териштирбей туруп адамдарды камакка алуу БУУ тарабынан бекип, ратификацияланган “Адам укугунун жалпы декларациясынын” жалпыга белгилүү 5-9 беренелерин бузуу болуп саналат.
Ошондуктан мурдагы төрага Асылбек Жээнбековду жана мурдагы Премьер Өмүрбек Бабановду колдоп 70-80 дин айланасындагы депутаттардын кол коюшу да бекеринен эмес. Кайрылууга кол койгон өлкөгө белгилүү адамдардын да камалган кээ бир белгилүү инсандарды колдоп чыгышы көп нерседен кабар берет.
Ошондуктан бийлик атайын кайрылуу менен чыккан депутаттардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн мындай пикирлерин да эске алышы керек.

Мыйзамдын талабы боюнча, тергөө же сот жүрүп жатканда кылмышка шектелип жаткан адамдын аракети тууралуу кандайдыр-бир бүтүм чыгаруу мыйзамга каршы келет. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик жана көз каранды эмес массалык маалымат каражаттары камалган депутаттар жана мурдагы чиновниктер тууралуу толук текшерилбеген, бир жактуу маалыматтарды таратып жатышы жакшы эмес көрүнүш.
Азыркы бийликке деген элдин ишеними кандайдыр-бир деңгээлде сакталууда. Ошондуктан бийлик коррупция менен күрөшүүдө туура эмес кадамдарды жасап, элдин ишенимин жоготуп албашы эң маанилүү нерсе.

Азыркы Садыр Жапаров баштаган бийлик өлкөдөгү коррупция жана мыйзамсыздык менен күрөшүүдө Конституцияны жана мыйзамды гана туу тутуп, адам укугун жана эркиндигин коргоп, ратификацияланган Эл аралык келишимдерди бекем сактап, дүйнөлүк стандарттардын негизинде гана аракеттенүүсү зарыл.
Башка жол келечектеги баш аламандыкка гана алып барат.

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg