Конституциялык Кеңешменин мүчөсү, укук коргоочу Турсунбек Акун Талас элинин жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

       Жолугушууда, укук коргоочу учурда талкууланып жаткан баш мыйзам тууралуу жергиликтүү жашоочуларга кабар берип, баш мыйзамга сунуштар болсо, Кеңешменин талкуусуна алып чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып, суроо-жоопторго жооп берди.
      Жергиликтүү тургундар, Президенттик-Парламенттик башкаруунун артыкчылык, кемчиликтери тууралуу өз пикирлерин билдирип, Өкмөттүн айылдагы өкүлчүлүгүнөн тартып, ири кызматка келчү жарандарларга кандайдыр бир филтирлөөчү мыйзамдар керектигин, ар кандай мамлекеттик маанидеги кызматтарга келчү адамдардын, жаш өзгөчөлүктөрүнө карабастан иш-тажрыйбасын, билим деңгээлин көзөмөлдөгөн тиешелүү юридикалык беренени баш мыйзамга бекитип берүүнү, Курултайдын ролу тууралуу так аныктама керектиги тууралуу сунуштарды узатып,        Конституциялык Кеңешменин башка мүчөлөрү да региондорду кыдырып эл үнүн жеринен угуу керектигин белгилешти.

 

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg