Кыргыз Республикасынын экс-президентеринин статусун алууга эч кандай негиз жок.

 Кыргыз Республикасынын экс-Президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева тууралуу  “Келечекке Жол” медиа жана мониторинг борборунун билдирүүсү.

    Акыркы убактарда экс-Президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева тууралуу билдирүүлөр көп болуп, алардын экс-Президенттик статусун алуу боюнча чакырыктар байма-бай айтылып, кээ бир активисттер кол чогултуу демилгесин да улантып жатышат. Тилекке каршы, бул демилгени коомдун кээ бир катмары колдоп жатканы кабатырланта турган көрүнүш.

Экс-Президент Сооронбай Жээнбеков элдин 54 пайызга чукул добушун алып, өтө кыл чайнашкан альтернативдүү шайлоодо ондогон талапкерлерди жеңип, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды. Ал Президент катары негизинен жаман иштеген жок. Негизги программасы айыл чарбасын өнүктүрүү, элеттин турмушун жакшыртуу маселесине катуу көңүл бурду. Таза суу программасынын ишке ашышы үчүн бардык күчүн үрөп чоң иштерди жүргүзүп, айылдагы эл таза суу менен 2026-жылга чейин камсыз кылуу боюнча планда көрсөтүлгөн болчу.

Алмазбек Атамбаевдин убагында кошуналар менен бузулган мамилелер калыбына келип, башка өлкөлөр менен, айрыкча кошуна мамлекеттер менен өз ара карым-катнаш жанданды.

Мындан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өтө жогорку деңгээлде белгиленип, экономикага эле эмес, маданиятка да көңүл бөлүнүп, көп жылдан бери оңдолбой келген театрлардын ремонту башталып, ага тиешелүү каражаттар бөлүнүп, айлык акылары көтөрүлүп, жакшы иштер башталды. Дагы ушундай алгылыктуу иштерди санай берсе жетиштүү.

Бирок 2020-жылы 4-октябрында өтүүчү Парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө, талапкерлерди тандоодо, шайлоо мыйзамдарын сактоодо олуттуу катачылыктарга жол берилип, акыры элдик көтөрүлүш менен аяктады.

“Жаңылбаган адам болбот”-дегендей Сооронбай Жээнбеков балким 5-октябрь 2020-жылы эл алдына чыгып, бурмаланган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгараарын айтып койгондо, мындай иштер болобойт эле.

Тилекке каршы, каарданган элди токтотууга болбой калгандыктан, Ак үй талкаланып өрттөлүп, бийлик алмашууга жол ачылып, көптөгөн баш аламандыктар болду. Ушундай оор саясий абалга карабастан Сооронбай Жээнбеков массалык кан төгүүгө жол бербей, башка Президенттер сыяктуу өз элинен качпай, өлкөнүн конституциялык талаага киришине өз салымын кошуп, бийликти тынч жол менен өткөрүп берди. Өз жеке кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, өз каалоосу менен арыз жазып, өлкөнүн башына келүүчү лидерлерге тоскоолдук жаратпай, өз көмөгүн көрсөтүүгө аракеттерин көрдү.

 Ал эми өлкөнүн дагы бир экс-Президенти Роза Отунбаева өтө оор учурларда бир жарым жылдык мөөнөткө гана убактылуу бийликке келип, 2010-жылкы апрель жана Ош окуясын кошкондо 500 жүздөн ашык уул-кызынан айрылып, кан жуткан элдин оор проблемасын чечүүдө чоң ролду аткара алды. Кыска мөөнөттүн ичинде жүздөгөн адамдарга үй курулуп, салыштырмалуу таза шайлоолор өтүп, өлкөдөгү абал кыска аралыктын ичинде жолго салынган.

Кыргыз Республикасынын башка дүйнө мамлекеттери менен алакасы жакшырып, эл аралык уюмдар биздин өлкө тууралуу жакшы пикирде болушуп, колдоо көрсөтө алды. Бийликтин үч бутагы чабышпай, интригаларга көп орун берилбей, саясий куугунтук болбой, улутту бириктирүү боюнча көп иштер аткарылды.

Тилекке каршы, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн өз ара келише албай, начар иштегенинин кесепетинен 2010-жылкы кандуу Ош окуясына жол берилип, 400 дөн ашуун адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алып, миңдеген адамдар качкын болуп, өлкөдө чоң трагедия орун алды. Өзбек сепаратистери жанданып, өлкөнүү автономия кылуу коокунучу келип чыкты.

Акыры ушундай кемчиликтерге карабастан өлкөдө тынчтык орнотулуп, согуштан жабыр тарткан адамдарга турмуштук зарыл шарттар түзүлүп, өлкө тынч өнүгүшүүнө жетише алды. Мына ушундай иштерди жөнгө салууда Роза Отунбаеванын эмгеги чоң деп эсептейбиз. Роза Отунбаеванын эң чоң жетишкендиги болуп, мурда макулдашкан келишимдин негизинде, бир жарым жылдан кийин, бийликти тынч жолу менен башка Президентке өткөрүп бериши болуп саналат.

Ошондуктан экс-Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны экс-Президенттик макамдан ажыратууга жасалган акциялар, өлкөгө тынчтык алып келбей турган бузукулук иш-аракеттер болуп саналаарын белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын жаңы Баш Мыйзамынын 72-беренесинин негизинде Президент өз макамынан кантип ажыратылаары ачык көрсөтүлгөн.
Ушул мыйзамдын негизинде Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын экс-Президенттик макамы толук мыйзамдуу жана ал макамды алып салууга эч кандай негиз жок.

Кыргыз Республикасынын Президенти өз милдетин аткаруу учурунда жасаган иши жана аракеттери үчүн куугунтукка учурабашын жана мыйзам тарабынан коргоого алынаарын эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

Экс-Президенттердин эркин басып эл арасында жүрүшү, алардын тажрыйбасы, билими жана баа жеткис маалыматы алар кызматтан кеткенден кийин да элге пайдасы тийиши керек.

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg