Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пирамиди телеканалына берген маеги

      Президент өз маегинде чек-ара, свет, козино сындуу көйгөйлөргө токтолуп өттү.
Президенттин пикирине ылайык, чек-ара УКМКнын жетекчиси Ташиевдин жолугушуусу менен эле чечилбесин, чек-араны чечүү буга чейин көшөгө артында чечилип бүткөндөн кийин гана коомго чыгарылып келгенин жана чек-араны чечүү төрт этаптан тураарын белгилеп өттү.
"Негизи өзү жашыруун болушу керек эле, себеби кагаздардын көбү жашыруун деп эсептелет. Бирок биз эл менен эсептешип жатабыз. Ташиев барып протоколго кол коюп келсе эле маселе бүтпөйт. Чек ара чечилип, аягына чейин чыгып кол койгонго чейинки процесс төрт этаптан турат. Алгач, жумушчу комиссия макулдашып келет. Анан баары такташып алып, президентке киргизет, ал жок десе, кайра артка кайтарып, туура эмес жерлерин оңдошот. Макул болсо, парламент аны карап, ратификациядан өткөрүп берет. Ага президенттер кол койгондон соң чек ара маселеси чечилди деп эсептелет. Биздики башталышы гана... "Кокуй, жерибиз өтүп кетти" деген саясат жүргүзбөш керек... Бардыгын тынчтык жолу, акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечебиз", — деди Жапаров.

      Мамлекет башчы энергетика тармагындагы көйгөйлөр 30 жылдан бери топтолуп калганын, азыр чечпесе Кыргызстан жарыксыз каларын айтты:
"Мен кечээ күнү келип эле сууну агызып жиберип кризис жаралган жок да. Тээ 30 жылдан бери, айрыкча, акыркы 10 жылдан бери энергетика тармагына карызды алып келе беришкен. Бирок акча ал жакка жумшалбай эле уурдалып кеткен. Көмөк чордон линияларыбыздын баарынын таш-талканы чыгып, итке минип калган. Ооба, коомчулук "эмне үчүн мурдагылар келип уурдап кеткенди эл төлөшү керек, ошолорду кайтарбайсыңарбы" деп жатат. Аны текшерип, күнөөлүүлөрдү аныктап сотко бергенге эки-үч жыл убакыт кетип калат. Муну күтүп бүгүнкү тариф бойдон эч бир саясатты өзгөртпөй кете берсек, эмдиги жылы Токтогул суу сактагычы иштебей калат, токтойт. Анда Кыргызстан электр энергиясыз калат, баягы тезек термей, чырак жакмай деген жашоого түшүп калабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал калктын жашоо шартына жараша категорияга бөлүп эсептелип, жаңы тарифтер августтан кийин ишке кирерин айтты.
Ал эми казино тууралуу соболго:
"Анда Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойноого акысы бар болчу. Жаш балдар күнү-түнү дебей автоматта ойноп, акчасын уттурган мезгил болгон. Муну шылтоо кылып 2015-жылы айрым депутаттар, айрым саясатчылар биригип алып акча талап кыла баштаган. "Бизге баланча миллион доллар алып келгиле, отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз", — дешкен. Казино ээлери акча бергенден баш тартып, өкмөткө тиешелүү салык төлөп жатканын, лизенцияны бир, бир жарым миллионго сатып алганын айтканда, анда иштебейсиңер деп бир абзац мыйзам менен жок кылып коюшкан. Ал менин эсимде. Мен Кыргызстандын жараны казинонун босогосун аттабайт деп мыйзамга жазып койгула деп жатам. Бул чет өлкөлүк туристтер үчүн ачыла турган казино болот",— деп жооп берди Жапаров.
Президент муну ар кыл жол менен бюджетти толтуруу максатында кылып жатам деген жүйөсүн келтирди.

      Мамлекет башчы жакында гана кабыл алынган баш мыйзам иштеп баштаар менен инвесторлорго мыйзам жагынан мамлекеттик деңгээлде жакшы шарттар түзүлөөрүн белгилеп, учурда иштеп жаткан мыйзамдар инвестордун капиталын коргобостугун айтып өттү жана кебинин соңунда Президент өзүнө ишенип добуш берген ар бир жаранга кайрылып, 5 жылдан кийинда 10 жылдан кийин да жер каратпасын белгилеп айтып өттү.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg