Миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатыМиллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Токмокто “граф” деп аталган ишкер Алиджан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына коңшу мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын тобу атайын чартердик рейс менен Казакстандан Кыргызстанга учуп келишкени белгилүү. Миллиардерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын парламентинин депутаттары, саясатчылар жана ишкерлер катышууда.
Күбөлөрдүн айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандардын арасында Өмүрбек Бабанов, парламенттин депутаттары Канат Исаев, Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Миярбек Мияров жана президенттикке мурдагы талапкер Аймен Касенов байкалган.
Эскерте кетсек, Алижан Ибрагимов 67 жаш курагында көз жумган. Ал көпкө чейин комада жаткан. Ибрагимов Өзбекстандын Фергана облусунда туулуп, Кыргызстандын Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган.
Forbes.kz маалымдагандай, Алиджан Ибрагимов Казакстандын эң бай ишкерлеринин бештигине кирет. Анын байлыгы 900 миллион долларга бааланган. Ал Александр Машкевич менен Патох Шодиев өнөктөш болгон Eurasian Resources Group (ERG) компаниясынын тең ээси болгон (20,7 пайыз).

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg