Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Бишкекте өзгөчө абал 12-октябрдан тартып 19-октябрга чейин кечки саат 20.00дөн баштап таңкы саат 07.00гө чейин болот. Бул аралыкта автоунаалардын, коомдук транспорттун, жөө адамдардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Борбор калаа аймагында күндүз дагы митинг, жүрүш, пикет жана башка спорттук, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Жарлык Жогорку Кеңешке жиберилген жана кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирүүгө тийиш.
Кошумчалай кетсек, массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталгандыгына байланыштуу, Конституциянын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын коопсуздугун сактоо, коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу, башкалаада коомдук тартипти камсыз кылуу максатында президенттин жарлыгы чыкканы маалыматта айтылат.

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg