Президенттик кызматка талапкерлер программаларын элге тааныштыруунун ордуна убактыларын текке коротушту.

Бир айга созулган "агитация мөөнөтү" кечээ  саат 00:00 аяктады.
            Бул аралыктын ичинде, кээ бир талапкерлер өз программаларын элге тааныштыруунун ордуна, убактыларын кимдир-бирөөлөрдү жамандаганга коротсо, кай  бири коалиция түзүп, тандем менен гана алек болушту.
          Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун "Эч бир талапкер элди өз максаттары-экономиканы көтөрүү, жашоо-турмушту оңдоо, айлыкты көтөрүү, геосаясат, жумушсуздук, иш орундарын түзүү, вирусту кантип ийгиликтүү жеңсе болот, чек ара маселеси тууралуу толгон-токой бир топ Кыргызстанда чечилбеген маселелерди кантип чечүү пландарын айтуунун ордуна негизги талапкерди каралоо менен гана алек болуп, күчтүү атаандаштыкты түзө алышкан жок"-деп билдирет.

 

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg