Шайлоо болжолдуу жыйынтыктар

Бүгүн 11-апрелде Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга жана 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 420 айылдык, 28 шаардык кеңешке добуш берүү саат 20:00 дө аяктады.
2021-жылдын 1-апрелине карата биротоло тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны 3 606 201 адамды түзгөн. Шайлоо укугуна ээ жарандардын 1 332 476ы пайыз менен 36.30 % өз добушун берди.
БШКнын маалыматына ылайык, баш мыйзамды өзгөртүүгө 79.26 % “макул” деген добушун берсе, 13.66% “каршы” добушун берген .
Учурда, 2273 шайлоо тилкенин 2242синен жыйынтыктар келип түштү. Калган участкалардан жыйынтыктар күтүлүүдө.
Алдын ала болжолдуу жыйынтыктарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешке ат салышкан партиялардын арасында 6 партия алдыңкы орундарда келе жатат.
Алдын ала жыйынтыктарга ылайык алдыңкы орундарда келе жаткан партиялардын тизмеси:
419901 шайлоочунун 133 111 и катышкан.
Бишкектиктердин берген добуштарына ылайык,
“Эмгек” -13.96%
“Ак Бата” -12.24%
“НДПК”-10.64%
“Ата-Журт Кыргызстан” -9.57%
“Биздин Эл”- 10326 - 7.76%
“Ынтымак”- 8.26%

Ош шаарында, жергиликтүү кеңешке ат салышкан партиялардын 4сү алдыңкы орунда келе жатат. Учурда АСУ добуш бергендердин 80 пайыздан ашык добушун эсептеди. Ага ылайык,
"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы — 48.46%
"Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы — 17.68%
"Ыйман нуру" адилеттүүлүк жана ѳнүгүү саясий партиясы — 8.00%
"Ынтымак" саясий партиясы — 7,18% менен алдыда.

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg