Укук коргоочу Турсунбек Акун шайлоодо өз добушун берди.

Кыргызстандыктар үчүн бүгүн маанилүү күн. Алардын тандоосу, чечими өлкөнүн келечегин чечет. Саясий партиялардын өкүлдөрү гана эмес бүтүндөй өлкө парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүүдө. Азыркы учурда ар бир добуш маанилүү. Шайлоо участоктору таң эрте 8де өз иштерин баштады. Өлкө ичинде 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеп жатат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.
Бул шайлоо процессесинде байкоочулук милдетти аткарган укук коргоочу Турсунбек Акун өзү катталган, тизмекке турган №1354 шайлоо участогуна барып, добушун берип тарыхый күндө өз тандоосун жасоо менен бүгүнкү күнүн баштады. Шайлоо участкаларындагы саясий партиялардын байкоочулар менен баарлашып, тартип бузууларды, мыйзам бузууларды тыкыр көзөмөлдөп өз билдеттерин так аткарууга чакырып өттү.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү абалга байланыштуу 2020-жылдагы парламенттик шайлоо өзгөчө шартта өтүүдө. Пандемияга байланыштуу шайлоочулардын дене табы текшерилип, 1,5 м аралыкта сактоо менен кезектешип, шайлоо участкаларына киришүүдө. Шайлоо процессинде укук коргоо кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп, шайлоо процесси тынч башталууда.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg