Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүү аракетин көрүп жатат.

“Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты. Зилалиев сейфтик кутуча ачып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен”деп билдирет экс президенттин адвокаты Жыргалбек Бабаев.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен анын абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген. 2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Комментарийлерди караңыз:

Саясат

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg