Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты декабрь айында өтөт.

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2020-жылдагы дүйнө чемпионтын 12-20-декабрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
Эл аралык уюм мындай чечимди дүйнөдөгү улуттук федерациялардын 70 пайызынын мелдешке катышууга даярдыгы тууралуу тастыктоо алгандан кийин гана кабыл алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынын алдында, декабрь айында өтүүчү өспүрүмдөрдүн мелдеши катышуучулардын санына байланышкан маселеден улам кийинкиге калтырылган.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун кезектеги жыйыны 6-ноябрда өтөт. Анда декабрга белгиленген дүйнө чемпионатын өткөрүү маселесин дагы бир ирет талкууга алынат.
Буга чейин 2020-жылга Олимпиада оюндары белгиленгенине байланыштуу күрөш боюнча дүйнө чемпионаты олимпиадалык эмес салмактагылар арасында болору айтылган. Бирок кийин Олимпиада оюндары 2021-жылга жылгандыктан UWW дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен.

Комментарийлерди караңыз:

Спорт

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg