Спорттун эн коркунучтуу түрлөрү

    Мотоцикл спорту, мотоспорт - бул спорттун техникалык түрү, анын негизи спортчунун ар кандай мотоцикл менен өз ара кыймылы болуп эсептелет.

     Анын тарыхы Готлиб Даймлер тарабынан мотоцикл ойлоп табылган учурдан, тактап айтканда 1885-жылдан башталган. Бир нече жылдан кийин Франциянын "Де Дион-Бутон" компаниясы бул машиналардын сериялык чыгарылышын уюштурган. Жаңы транспорттук каражат адамдардын ишенбөөчүлүгүн жараткандыгына байланыштуу, эки дөңгөлөктүү автоунаанын бардык артыкчылыктарын көрсөтө турган мотоцикл жарыштарын жолдун татаал шарттарында өткөрүү чечими кабыл алынган. Биринчи жарыштарды Франциянын Автомобилдик Клубу тарабынан уюштурулган. Бул автоунаалар жана мотоциклдер катышкан шаар аралык авто мото жарыш (Париж - Бордо - Париж) болду. Ушундай эле мелдештер 1895-жылдан 1903-жылга чейин өткөрүлүп келген, ошонун аркасында мотоцикл спорту Францияда узак мезгилдерге чейин уюштурулуп келген.

     Расмий жарыштар 1899-жылы Венада өткөн. Бирок, автомобиль спорту өз алдынча дисциплина катары Эл аралык мотоцикл клубдарынын федерациясы түзүлгөндөн кийин 1904-жылы гана пайда болгон.

     Рафтинг “raft” - деген англис сөзүнөн келип чыккан. Бизче “кайык” же “сал” деп которулат. Рафтинг – рафт менен тоо суусунда, дарыяда тоскоолдуктар менен күрөшүүгө багытталган спорттун экстремалдык түрү. Тарыхка кайрылсак, рафтинг үчүн резинадан жасалган рафттар 1811-жылы Америкада жарык көрүп, 1842-жылы америкалык аскер кызматкерлери Жон Фремонт жана Гораде Дэй Скалист тоолорун изилдөө үчүн колдонушкан соң белгилүү боло баштаган. Бирок өткөн кылымдын экинчи жарымында Вьетнам согушунан кийин гана өнүгүү жолуна кирген. Согушта рафттар америкалыктардын өз базасына суу аркылуу азык-түлүк, курал-жарак алып өтүүсүн камсыздаган. Ошондон кийин рафттарга талап жогорулап, кийинчерээк спорт түрүнө айланган. 1989-жылы Америкада рафтинг боюнча алгачкы мелдеш өтүп, рафтингдин спорттук түрү жолго коюлат. 1998-жылдан бери 2 жылда бир Дүйнө биринчилиги өтүп келет. 1995-жылы Эл аралык Рафтинг федерациясы түзүлгөн. Учурда федерациянын мүчөлүгүндө 49 өлкө бар.

       Рафттар спорттук жана туристтик багытта колдонулат. Туристтик рафтка 10-18 киши батат. Рафтинг менен эс алууга жана машыгууга 14 жаштан жогорулардын мүмкүнчүлүгү бар жана алар үчүн эч кандай тажрыйба, даярдык талап кылынбайт. Коопсуздук үчүн кийимдерди кийип, капитандын буйругун аткаруу жетиштүү. Ал эми спорттук рафттар 4-6 кишиге ылайыкташкан. Рафтингде ылдамдыкты арттыруу каралган эмес. Демек, саатына канча чакырым басып өтөрүң суунун агымынан көз каранды.
      Рафтинг 6 баскычтагы татаалдыктан турат. 1,2,3 категориялар жеңил келип, тажрыйбасыз эс алуучулар үчүн, 4-5-баскычтар тажрыйбалуу адистерге жана спорттук мелдештерге ыңгайлуу. Ал эми 6-баскыч баарынан оор болгондуктан, анда сүзүү өтө кыйын. Ошол себептүү спорт чеберине же башка наамга көрсөтүлгөндөр 6-татаалдыгын басып өтсө гана өз наамдарына жолугушат.

    Родео-Америкалыктардын улуттук оюну.Бул спорттун түрү аябай эле эски оюндардын бири жана ал 1883-жылы пайда болгон.Оюндун шарты:8 секундга чейин тура туруу керек ошондой эле кырсыктан качып кутулуу кыйын.Оюндун шарты боюнча жапайы бука оюнчуга каршылык көргөзбөсө,демек ал спортчуга балл берилбейт.

      Руфер-(roof-крыша)англис тилинен которгондо “чатыр”дегенди билдирет.Анын качан пайда болгондугу жөнүндө так маалымат жок.Бийик имараттардын,көпүрөлөрдүн жана башка бир канча бийик жерлерде жүргөндөрдү-руферлер дейбиз.Бул боюнча көп мамлекетте тыюу салынган,себеби ал аркылуу канчалаган адамдар каза болгон.Руферлер боюнча элдин оюун уксаңыз алар акылы жок адамдар деп сүрөттөшөт.Бирок алар ага карабастан күнсайын акробатиклык кыймылдарды жасап келишет.

 

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Спорт

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg