Европа Футбол Ассоциация Бирлигинин (УЕФА) суперкубогун "Бавария" жеңип алды.

Бавария кошумча убакытта Севильяны жеңип, Европа Футбол Ассоциация Бирлигинин (УЕФА) Суперкубогун утуп алды. Негизги убакытта командалар 1: 1 эсебинде тең чыгышты. Кошумча убакыттын 104-мүнөтүндө голду «Бавариянын» жарым коргоочусу Хави Мартинес киргизди.
Германиянын "Бавария" клубу кошумча берилген убакытта киргизген голу менен испаниялык "Севилия" клубун утуп, УЕФАнын cуперкубогун жеңип алды. Анда ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды.
67 миң орунга ылайыкташкан "Ференц Пушкаш" стадионунда болгон беттеш көрүүчүлөр менен өткөн.. Карантинден кийин биринчи жолу күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилген спорттук мелдеш Будапешттеги стадиондо өттү.
Башкача айтканда «Пускаш Арена» стадионун 30 пайызга чейин толтурууга уруксат берилген . Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы маалым болгон.
"Бавария" муну менен өз тарыхында экинчи ирет УЕФАнын cуперкубок мелдешин жеңип алды. Буга чейин германиялык клуб бул олжону 2013-жылы алган.

Комментарийлерди караңыз:

Спорт

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg