Валентина Шевченко Анатольевна

      Валентина Шевченко Кыргыз Республикасынын Фрунзе шаарында 1988-жылы 7-мартта орус улутундагы үй бүлөдө туулган. Апасы Валентина 5 ке толгондо эле спорт ийримине катышууга берип койгон. Бул туурасында Валентина башында көп деле кызыкчу эмесмин, апам бар деген үчүн гана барып жүрчүмүн деп эскерет.
Кийинчирээк, апасы жана Валентина эжеси Антонинанын таасири аркылуу таэквондо менен машыга баштаган. 12 жашка толгондо өз күчүн муайтай кикбоксунда, андан соң вале-тудо эрежесиз күрөшүндө сынаган.
Валентинанын кикбокс спортундагы карьерасы Кыргызстанда, 12 жашында 22 жаштагы каршылашын нокаутка кетирип, рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн "Ок" лакап атын алуу менен башталганын машыктыруучусу Павел Федотов белгилейт. 

Кикбоксинг жана муайтай

Валентина кикбоксинг жана муайтай боюнча бир катар титулдарга ээ экенин билебиз: Муайтай эл аралык федерациясынын сүйүүчүлөрдүн дүйнөлүк чемпионаты (International Federation of Muaythai Amateur World Championships) жана Дүйнөлүк муайтай кеңеши Валентинага дүйнөдөгү эң мыкты аял муайтай мушкери деп жогору баа берген. В. Шевченконун Муайтай/К-1 боюнча адистик эсеби 56-2, ал Йоанна Йенжейчик жана Кэли Рис сыяктуу мушкерлерди жеңген.
Шевченко 2016-жылдын июнь айындагы UFC турниринин расмий рейтингинде алтынчы орунду ээлеген. Ал 61 килограмм салмактык категорияда рингге чыгып келет. Таэквондо UTF боюнча алгачкы ирет 2002-жылы дүйнө чемпиону аталган. Ал эми 2003-жылы тай боксу боюнча дүйнөнү багындырган.
2018-жылдан баштап 57 килограмм салмагындагы мушкерлердин арасында биринчи орунду ээлеген (чемпиондук курга чейин).
Ошентип, спортчу кыз муайтай жана К1 боюнча 58 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын бирөөсүндө гана утулган.

Валентина жана Искусство

Эң кызыгы спортчу кыз Шевченко 2008-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун кино жана театр режиссурасы бөлүмүн аяктаган.

Шевченкону тонойм деп таяк жеген

Кара деңиздин Туапсе шаарында бекеттен жаңы эле чыгып, Сочиге аман-эсен жеткенин машыктыруучусуна билдиргиси келген мезгилде, белгисиз жигит спортчу кыздын телефонун тартып алгысы келген. Ал эми Шевченко көз ачып жумгуча, анын башына чаап телефонун кайра алган, кол салган жигит ээсин жыйаар менен телефонду алып кетүү оюнан баш тарткан.

Жарандуулук

Валентинанын эжеси Антонина Шевченко Абсолюттук мушташ боюнча чемпионаттагы (UFC) оюндары менен белгилүү. Ал эми Валентина уюмдун учурдагы чемпиону. Эже-сиңди Шевченколор кош жарандуулукка ээ. Кыздарда Кыргызстандын жана Перунун паспорттору бар

Ийгиликтери
Америкадагы UFC спорттук уюмунун рейтинги боюнча №1 (чемпиондук курга чейинки тизме) тизмеде турат.
ММА боюнча профессионалдуу 18 беттеш өткөрүп, анын 15инде уткан(бешөө нокаут, калганы кайруу-муунтуу ыкмасы менен)
Муайтай, K1 жана MMA боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарынын искусствосунун эки жолку чемпиону.
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Казакстан 2003;
Муайтай WMF боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Таиланд 2006;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Таиланд 2006;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Таиланд 2007;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Түштүк Корея 2008;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 60 кг, Таиланд 2009;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 63,5 кг, Таиланд 2010;
Муайтай PRO MUAYTHAI WMC боюнча дүйнө чемпиону — 63 кг, Франция 2012;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 60,0 кг Санкт-Петербург, Орусия, 2013;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — Лангкави, Малайзия, 2014;
Муайтай IFMA боюнча дүйнө чемпиону — 60,0 кг, Бангкок, Таиланд, 2015;
Муайтай WKL боюнча дүйнө чемпиону — 60 кг, Кордоба, Аргентина, 2014;
K-1 WKC боюнча дүйнө чемпиону — 60 кг, Лима, Перу, 2013;
K-1 WKC боюнча дүйнө чемпиону — 60 кг, Мексика, г. Мехико 2013;
Кикбокстун WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону — 56 кг, Италия 2004;
KF-1 MMA PRO боюнча дүйнө чемпиону — 55 кг, Корея Сеул 2003;
KF-1 MMA PRO боюнча дүйнө чемпиону — 57 кг, Корея Сеул 2005;
Kunlun Fight 9 "Woman Gran Prix_Super 8" аталышындагы профессионалдар арасындагы дүйнөлүк турнирдин чемпиону — 60 кг, Шарджи, Кытай.
Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарынын искусствосунун эки жолку чемпиону
Sport Accord Combat Games аталышындагы биринчи Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарында муай-тай боюнча чемпион — Кытай, Пекин 2010;
Sport Accord Combat Games аталышындагы экинчи Бүткүл дүйнөлүк уруш оюндарында муайтай боюнча чемпион — Санкт-Петербург, Орусия, 2013;
Муайтай IFMA боюнча Панамериканын чемпиону — 60 кг, Бразилия 2010;
Муайтай IFMA боюнча Түштүк Американын чемпиону — 60 кг, Аргентина 2011;
Муайтай IFMA боюнча Түштүк Американын чемпиону — 60 кг, Парагвай 2013;
Учурда эже-сиңди спортчу кыздар Перуда турушат жана спорт жаатында ийлигиктээрин жыл сайын жаңыртууда.

 

Комментарийлерди караңыз:

Спорт

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg