Жаңы ипподром салынат

     Сентябрдын башында ордо калаадагы ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынып, жаңы аренанын долбооруна тендер жарыяланган. Ипподромдун ордуна жаңысын тургузуу пландалууда.
     Бишкек шаарынын мэриясы архитекторлорду, дизайнерлерди, конструкторлорду жана долбоорчуларды жарыяланган сынакка катышууга чакырып жатат. Мэриядан учурда ат майдан авариялык абалда деп бааланып жаткандыгын маалымдашты.
     Азыркы ипподром 1947-жылы салынган. Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Ипподром ачылгандан кийин ипподромго кызыгуу артып, ат оюндарын өнүктүрүү үчүн ипподромдун алдында мектеп, ветеринардык жай жана жатакана ачылган. 2000-жылдын башында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий архитектуралык эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизишкен. Ипподром Бишкек шаарындагы Термечиков, 1 дарегинде жайгашкан. Башкы планга ылайык, ал жер кайтаруудагы № 43 аймакка кирет.
      "Ак кула" ипподрому улуттук спорттук ат оюндарынын бардык түрлөрүн жана спорттук мелдештерди (республикалык жана эл аралык) өткөрүүгө ылайыкталган. Анын аймагында ат чуркай турган ипподром талаасы жана машыга турган жерлер бар. Шаар бийлиги бул жайды түрттүрүп салып, ордуна спорттук жаңы комплекс тургузарын билдирди.
Алдыңкы жылдары борбор калаада республикалык деңгээлдеги жаңы көптөн күткөн ипподром пайда болот.

Комментарийлерди караңыз:

Спорт

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg