Чүй облусундагы кандай эс алуучу жайларды билесиз?

Чүй өрөөнү- бул таза абага чөмүлгөн,чексиз табигый кооз тоо-чокуларынын,түбөлүк кар менен капталган аска-зоолор менен көптөгөн шаркыратмалардын,капчыгайлардын жана даарылык касиети бар булактардын мекени болуп саналат.

Төмөндө атала турган ажайып кооз жерлерде эс алууну мыкты өткөрүнүүнүн көп түрү:ат үстүндө сейилдөө,параглайдинг,балык уулоо,альпинизм же треккинг,рафтинг жана башкалар каралган.

"Ала-Арча" улуттук сейил багы

Бишкектен түштүккө карай 41 чакырым , 1600–4800 метр бийиктикте жайгашкан. Парктын аянты — 22 чарчы чакырым. Шаардыктар мында дем алыш күндөрүн өткөрүшөт, адатта тоо этегинде, дайра боюнда эс алышат.

Дал ушул жерден Кыргызстандын төрт-беш миңдик чокуларына жана Ак-Сай мөңгүсүнө жол чыгат. Алардын көпчүлүгүнө жол негизги база – альпинисттер арасында кеңири белгилүү болгон "Рацектин алачыгы" аркылуу өтөт. Ал жакка 3-5 доллар төлөп коюп, чатырыңызды жай тигип, кааласаңыз ушул эле акчага бир керебеттик орунду ижаралай аласыз.

Түндө сан жылдыздуу асманга тигилип, ал эми таңда тоо эчкилеринин оюн салганын көрүңүз. Гид жалдап "Мугалим", "Таажы", "Эркин Корея", "Бокс" чокуларын багындырып же аскага тырмышуу боюнча бир-эки сабак алсаныз болот.

Чоң-Кемин өрөөнү

Борбор калаадан чыгышка 41 чакырым аралыкта, 1400-3200 метр бийиктикте жайгашкан. Табияты жана жаныбарлар дүйнөсү ар кыл: мында жыты аңкыган шалбаалар, кар жамынган тоо чокулары жана аянты менен таң калтырган ийне жалбырактуу токойлор бар. Жалгыз убакыт өткөрүүгө чытырман токойдогу Жашыл-Көл көлү бар: ага жөө да, ат менен да жете аласыз.

Анан да бул жерден ысымы бир Чоң-Кемин дарыясы агат, анда май-сентябрь айларында рафтинг уюштурулат.

Кашка-Суу капчыгайы

Бишкектен 35 чакырым ыраакта, 2100 метр бийиктикте жайгашкан. Жылдын кайсы маалы болбосун бул жерге багыт ала бериңиз. Жайында капчыгайдын боору түркүн түстүү гүл жамынып, катар-катар боз үйлөр тигилип, кымыз менен ден соолукту чыңдоо борборлору, табиятта тамактануу уюштурулат. Түнкүсүн сан жылдыз жана Саманчынын жолуна тигиле уйкуга кетсеңиз болот.

Кышкысын ушундай эле аталыштагы лыжа базасы ишин баштайт, ага кышкы спорт түрлөрүн сүйгөндөр жана калаанын ызы-чуусунан чарчагандар барып эс алышат.

Белогорка капчыгайы

Бишкектен 80 чакырым ыраак бул капчыгай алтымыш метрлик Ала-Тоо шаркыратмасы менен кеңири таанымал. Ага жөө эки гана саатта жете аласыз. Жүрүштө шаркыратманын чокусуна алпарчу ийри-буйру, чөп баскан жол тилкелери, кызыл-тазыл гүлзарлар көз кубантып, көөдөн толтурат.

Анын башка капчыгайлардан айырмасы жок, ошондуктан мында бир күндөн ашык убакыт кетирбеңиз.

Суусамыр өрөөнү

Бул өрөөн Бишкектен түштүк-батышка карай 160 чакырым аралыкта, бийиктиги 2000–3200 метр. Мында өлкөнүн эң мыкты жайлоолору, кымыз менен ден соолукту чыңдоочу жайлары жана парапландын башталыш чокулары жайгашкан. Ал эми жаанчыл убакта адырларда козу карын жайнайт.

Суусамырга кетчү жол укмуш кооз белдердин бири болгон Төө-Ашуу аркылуу өтөт.

Ак-Сай мөңгүсү

Ала-Арча капчыгайында 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Жыл сайын ал дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнөн альпинисттерди тартат, дал ошол себептен Ак-Сайга негизги конуштардан 80 багыт салынган. Бирок каардуу мөңгүнүн кооздугун ар ким эле аңдай бербейт.

Аймакта андан башка дагы: "Семенов-Тян-Шанский" (4875 метр), "Таажы" (4860), "Эркин Корея" (4740), "Байлян-Башы" (4700 ), "Симагин" (4400 ), "Бокс" (4240 м) чокулары бар.

Чуңкурчак капчыгайы

Бишкектен 45 чакырым алыстыкта , Аламүдүн дарыясынын башатында жайгашкан. Жазында кичи Голландияга айланат, анткени дал ушул капчыгайда бийиктиги 17 сантиметрге чейин жеткен падышалык жоогазын, андан башка да түркүн түстүү гүлдөр өсөт.

Ошондой эле бул жер кырк метрлик Көгүчкөн шаркыратмасы менен да таанымал. 100-200 метр бийик учтуу аскалар арасында жашынган, баса аларды да аска бооруна тырмана чыгууну сүйгөндөр баалабай койбойт. Капчыгайда ушундай аталыштагы лыжа базасы, кымыз менен ден соолукту чыңдоо борборлору жана улуттук үлгүдө жасалгаланган эс алуучу жайлар иштейт. Бишкектиктер бул жакка пикникке же жөн гана таза аба жутууга келип турушат.

Ысык-Ата капчыгайы

Борбор калаадан 77 чакырым аралыкта. Өрүшүнө баратканда үч чакан тоо көлүн жана бир нече шаркыратмаларды көрөсүз. Бирок шаркыратма биринчи кезекте касиеттери боюнча түркүн уламыштарда айтылган геотермалдык жана арашан булактары менен белгилүү. Сөздүн ачыгы, мындагы бассейн жана санаторийдин абалы көңүл жубатарлык эмес.

Капчыгайдын уландысы — Ысык-Ата Туюк. Жок эле дегенде жыш карагайлуу тоо бетинде сейилдөө үчүн бул жер бир көрүүгө арзыйт.

Шамси капчыгайы

Бишкектен чыгышка карай 120 чакырым аралыкта. Капчыгайды саякат тизмеңиздин баш сабына жазыңыз. Тоонун тик боору, жайлоо жана шаркырап аккан тоо дарыяларынын тушуна чатырыңызды тиксеңиз болот.

Эки күндүк эс алууга эң ыңгайлуу, сүрөтчүнүн анык табылгасы жана жаан-чачындуу жаз менен күздө козу карынчынын орундалган тилеги.

Көл-Төр капчыгайы

Бишкектен 85 чакырым алыстынбы, Кегети капчыгайы менен коңшулаш. Бул жер Көл-Төр көлү менен көрктүү, ал деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкан. Анын көгүлтүр түсүнөн көз кубантуу үчүн карагай токою жана бой тиреп өскөн чөптү аралай жөө жетүүгө туура келет. Жүрүшкө эч даярдыгы жоктор деле беш сааттан ашык убакыт коротпойт.

Көргөнүңүз жумшалган күч жана убактыңызга арзый турганына ынанып коюңуз. Анан да суу убагында тартылып, кайра толорун эске алыңыз. Толуп турган маалын көрүү үчүн бул жакка июлдун ортосунан августтун он бештерине барганыңыз дурус.


Бурана мурасы

X-XI кылымдарда курулган, борбор калаадан 80 чакырым аралыкта. Качандыр бир кезде мунаранын бийиктиги 40 метрди түзгөн болсо, азыркы тапта — 21,7 метр.

Өйдө карай буралган ыңгайсыз тепкичтер менен мунаранын башына чыгасыз, ал жактан сизге ак кар баскан аскалар, жапжашыл шалбаалар, эки күмбөздүн урандылары, таш эмгек куралдары, "80 балбал таш бакчасы" көрүнөт. Бул таш эстеликтер Чүй облусундагы байыркы түрк бейиттеринен табылган. Бул баалуу экспонаттарды каалагандар көрө алат.

Бул жайдын аймагында улуттук сувенирлерди саткан жана маалында кымыз сунган боз үй тигилген. Кыргыздардын тиричилик буюмдары топтолгон чакан үй-музейи бар. Ага кириш билети – киши башына 150 сом.

Чүй облусунда, анын ичинде Бишкекте турак жай ар кыл: тейлөөсү дурус жупуну конок үйлөрүнөн бардык шарттары бар заманга бап батирлерге чейин табылат. Көңүлүңүзгө туура келген түнөктү онлайн да, шаарга келгениңизде да издеп, ижаралай аласыз.

Эгер үнөмдөгүңүз келсе, анда калаадагы хостелдердин бирине токтоңуз. Бир жатак орун жалпы ашкана менен жуунучу жайды кошо эсептегенде 400 сомдон (5 доллардан) өйдө турат. Баа хостелдин жайгашкан ордуна жана шарттарына жараша өзгөрөт. Баса, мында сизди жагымдуу жаңы таанышуулар күтөт, ким билет, бекер гид-коштоочу да таап калгыңыз бардыр.

Ал эми бутту сунуп, кең бөлмөдө эс алайын десеңиз, мейманкана же отелден бөлмө алыңыз. Алар суткасына кеминде 20 доллар. Андай болсо, алдын ала интернеттен мээлеп, бөлмөнү ээлеп коюңуз.

Чүй өрөөнүндө түнөк жайлары, тейлөөчү кызматкерлердин иш кийими жана менюдагы тамактын түрүнө чейин улуттук үлгүдө жасалгаланган этноборборлор бар. Таңда алдыңызга каймак боорсогу менен коюшса, кечки дасторкон сизди беш бармагы менен тосот. Ошондой эле жарпыңызды жазып жаа атып кыргыздын улуттук оюндарына катыша аласыз. Мындай жайларда түнөк 50 доллардан башталат.

Тоолордогу боз үйдө киши башына 10-15 доллардан алынат, ал эми чатыр тигүүгө жер үчүн 2-5 доллар төлөйсүз, болбосо ошол тегеректеги кичи мейманкаларга баш багыңыз. Адатта алар тоо капчыгайында же өрөөнгө кире бериште жайгашат.

Эгерде капчыгыңыз калыңыраак болсо, болушунча жасалгаланган, таңкы тамагы бар, ар бөлмөдө апакай жумшак түктүү сүлгүлөрү илинген, заманга шайкеш отелде түнөсөңүз болот. Бир түнгө 47-50 доллар сарптайсыз.Эс алууңузга көрк кошкон сейилдөөлөр канчадан турат?

Ат үстүндө сейилдөө

Ат үстүндө сейилдөө – атка минүү менен бирге табияттын кооз жерлерине куштарланасыз. Жылкынын бир күндүк ижара акысы – 3-10 долларга чейин.

Параглайдинг

Параглайдинг — аба агымында параплан менен учуу. Инструктор менен бир жолку учуш баштапкы жердин бийиктигине жараша 20-60 долларга чейин өзгөрөт. Чүй облусунда үч учуш чекити – Бишкекке жакын жерде жана Суусамыр өрөөнүндө экөө бар.

Балык уулоо

Балык уулоо. Чүй облусунда 10дон ашык суу сактагыч жайкы балык уулоого ылайык. Алардын көп тандалганы — Спартак, Ала-Арча жана Шорго. Ошондой эле Чу жана Чоң-Кемин дарыяларында да балык уулоого болот. Бул жерлердеги балык уулоого балыктын ар бир килосуна төлөнчү акыны кошпогондо 2-7 долларга чейин алынат.

Альпинизм жана треккинг

Альпинизм жана треккинг. Татаал тоо чокуларына же табияттын керемет жерлерине жөө багыт алсаңыз акы алынбайт, бирок ал жактарда чатыр орнотуу үчүн 10 доллар төлөйсүз. Айтмакчы, багындырылчу чокулар да жүрүш багыттары сымал аябагандай көп.

Рафтинг

Рафтинг — тоо дайраларынан рафт менен түшүү. Адатта мындай турлар май айынан сентябрга чейин уюштурулат. Чу жана Чоң-Кемин дарыяларында рафтинг-турлардын акысы 20-45 долларга чейин, ага зарыл болгон жабдык жана сиз тандаган дайрага чейинки унаа баасы да камтылат.

Тарыхый-маданий туризм

Тарыхый-маданий туризм — тарыхый маанидеги жерлерди кыдыруу жана изилдөө. Чүй облусунда туристтерди Бурана мунарасы жана Кызыл-Арык эски шаар урандылары көп кызыктырат. Анда бейит үстүндөгү скульптуралар – таш эстелик жана балбал таштар азыркыга чейин сакталып келет.

 

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Туризм

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg