"Кыз Мунарасы".

Бүгүнкү  "Туризм" түрмөгүндө Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан "Кыз Мунарасына" сапар тартабыз. 

Кыз мунарасы же Леандр мунарасы ал эми түркчө аталышы “Kiz kulesi” жана “Леандр kulesi”. Стамбулдун белгилүү көрүнүктүү жерлеринин бири , ал популярдуулугу боюнча Галатадан кем калбайт. “Kiz kulesi” Босфор кысыгынын кичинекей аралында бир нече кылымдар бою түрк мамлекетине ар кандай кызматтарды аткарып келген.
Түрк тарыхында кыз мунарасы 1453-жылга чейин кандай максатта колдонулуганы белгисиз. Бирок, эски замандарда аталган мунара Осмон империясына “белги берүүчү” жай катары пайдаланылганын, керек болгон учурда андан замбиректер да атылып жана өлүм жазасына кесилген туткундар камалып турушкан. Кийинчирээк 1720-жылдары өрттөнүп Дамат Ибрахим-паша тарабынан таш менен оңдолгон. Коргошун чатыры жана терезелери көп кичинекей мунара ушундайча пайда болгон. Холера эпидемиясы учурунда ал оорукана катары колдонулса, кийин ал кайрадан Түрк мамлекетине маяк берүүчү мекеме катары кайрадан ишке берилген. Кыз Куле маяк берүүчү жай катары жүз жылга жакын кызмат кылган!
1992-жылы шаардын бул белгиси Түркиянын маданий турмушунун борборлорунун бири болуп калган. Анда концерттер жана көргөзмөлөр уюштурулган.
1999-жылы мунарада сувенирлер дүкөнү, ресторан жана кафелер жайгаштырылган.
Кыз мунарасы тууралуу 2 уламыш бар.
Биринчиси, Леандр аттуу жаш жигит ар күнү кечинде жүрөгү жактырган кызды көрүү үчүн Босфорду сүзүп өтүп турган. Ал эми анын сүйгөнү Геро Артемиддин дин кызматчысы болгон, Геро сүйгөн жигити сууда сүзүп келе жаткан жолдо, жолдон адашпоо үчүн мунаранын башынан, от күйгүзүп Лендрга жол көрсөтүп турган. Бирок, күндөрдүн биринде, Леандр деңизге чөгүп, каза табат, анын өлүмүн уккан кыз өзүн мунарадан деңизге таштайт. Ошентип бул мунара "Леандр мунарасы" же "Кыз мунарасы" деген атка конгон.
Дагы бир уламыш боюнча, Султандын абдан сулуу кызы болот. Бирок бул кызды жашы жете электе жылан чагып, өлөт деп айтышкан. Буга жол бербөө үчүн, султан аскалуу жерди тандап алып, кызына бир да жылан жетпесин деп, мунара курууга буйрук берет. Бирок, кыздын 18-чи туулган күнүндө жылан белек менен кошо келген себеттен чыгып, кызды чагып алаары айтылса, версиялардын бирине ылайык, ошол эле учурда, мунарада кызды өлүмдөн сактап калган персиялык ханзаада пайда болгону айтылат.
Кыз мунарасы шаардын Азия бөлүгүндөгү Салажак кварталынын жээгинен 200 м алыстыктагы жасалма аралдагы Үскүдар районунда жайгашкан.
Мунарага кирүү акысыз, бирок кафеден бир нерсе сатып алуу керек, анткени мунарада кооз көрүнүшү бар кафеден башка эч нерсе эмес.
Кафеде салттуу түрк менюсу сунушталат, анын баасы 35 лирадан башталат.
Осмон жана европалык ашканаларды сунуш кылган ресторанда кечки тамак 140 лирадан өйдө.
Терезенин жанындагы дасторкондо бир адамга кошумча 20 лир төлөөгө туура келет. Баага көңүл ачуу программасы дагы кирет. Столдорду эки жума мурун брондош керек! Түркияда бул жакты үй-бүлө куруу сунушун берүүгө ыңгайлуу жер деп эсептелет.

 

 

Комментарийлерди караңыз:

Туризм

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg