Орто-Токой суу сактагычы

     Орто-Токой суу сактагычы - Кыргызстандагы эң алгач курулган суу сактагыч болуп саналат. Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында жайгашкан. Чүй дубанынын нугунда, Балыкчы темир жол бекетинен 20 км алыстыкта.

      Орто-Токой суу сактагычы 1940-жылдын 19-мартында Бүткүл Большевиктер Союздук Коммунисттик партиянын токтому боюнча курулган. Деңиз деңгээлинен 1700м бийиктикте.
Плотинасы 1941-жылы курула баштап, 1961-жылы аяктаган. Узундугу 18км, эң жазы жери 5км, терең жери 47м.

      Анын суу толгондогу аянты 24км2, сыйымдуулугу 470 млн м3. Суу сактагычтан алынган суу менен 120 миң га жер (Кыргызстандын 86 миң га Казакстандын 34 миң га жери) сугарылат. Секундасына орто эсеп менен 12,8м3 суу чыгарат. Плотинасы Төмөнкү Орто-Токой капчыгайынын башталышында жайгашкан. Анын бийиктиги 52м. Узундугу 365м, туурасы кырына чейин 6м. Суу чыгуучу тоннели (узундугу 567м, диаметри 4,5м) капчыгайдын оң жантайышындагы асканын алдында жасалган. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.

      Суу сактагычтын жээгинде жайкысын суунун температурасы +15дан жогору көтөрүлбөйт. Аталган суу сактагычта көптөгөн балыктын түрлөрү бар:маринка,осман,форель,ак балык жана лосось- соода балыгы.

 

Комментарийлерди караңыз:

Туризм

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg