Швецария - зергерчилик менен бирге мал чарбачылык өнүккөн өлкө

Эң эле кооз өлкөлөрдүн бири болгон- Швецария

      Европа континентинде жайгашкан өлкө. Борбор шаары – Берн. Мамлекеттик башкаруу формасы - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана
Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттин 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар бар.
Жеринин аянты - 41290 чарчы чакырым. Калкы - 8570000 адам (2019ж). Швейцария Батыш Европанын дээрлик борборунда жайгашкан. Өлкөнүн бештен үч бөлүгүн чокусунан түбөлүк муз кетпеген, тик аскалуу, түпсүз терең жаракалуу, күркүрөп аккан шаркыратмалуу тоолор ээлейт.

Тарыхынан бир аз кеп....

       Бир кездерде Швейцария Австриялыктарга баш ийип турган, алар швейцариялыктарга ырайымсыздык менен мамиле кылышып, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн.
13-кылымдын аягы 14-кылымдарда көз карандысыздык үчүн күрөшүп өз өлкөсүнүн Австриядан жана башка өлкөлөрдөн коргогон Швейцариянын легендарлуу элдик баатыры Вильгельм Теллди Австриялык башкаруучу кордоп, аны үйүнүн астына орнотулган узун мамыга илинген калпагына тизе бүгүп жүгүнүүнү талап кылган. Бирок Вильгельм аны аткаруудан баш тартат. Буга каарданган зулум башкаруучу Вильгельм Теллди желдеттерине карматып келет. Теллди жазалоо максатында анын өз баласынын башына алма коюп, аны атып түшүрүүнү буюрат. Телль аткан жебе баласына кенедей да зыян келтирбей, алманы жарып өтөт. Ал эми экинчи жебе менен ал залим мырзаны так жүрөккө атып өлтүрөт. Теллдин бул эрдиги элдин көтөрүлүшкө чыгуусуна түрткү болуп, калк баскынчыларды өз жеринен кууп чыгышкан. Эл оозундагы уламыш ушундай баяндалат. Чындыгында швейцариялыктар оор жана узакка созулган күрөштү башынан өткөргөн. 1291-жылы үч кантондун (өлкөнүн районунда) жашоочулары австриялыктарга каршы биргелешип күрөшүү үчүн өз ара келишим түзүшкөн. Кийин аларга башка кантондогулар да кошулушкан. Ошентип эл өз көз карандысыздыгын коргоп калган. 19-кылымдын аягынан бул мамлекет Швейцария Конфедерациясы («конфедерация» - «союз» дегенди билдирет) деп аталат.

Эч кандай эл аралык жаңжалга катышпагандардын өлкөсү

        Швейцарияда 22 кантон бар жана туруктуу армиясы жок. 150 жылдан ашык убакыттан бери ал бир да согушка катышкан эмес. 1815-жылы Швейцарияда туруктуу бейтараптуулук тууралуу башкача айтканда, Швецариянын эл аралык эч кандай кагылышууларга катышпоосу жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

Климаты

      Өлкөдө кыш орточо суук ал эми тоолу региондордо сууктун температурасы бир топго бийик. Эгерде Женевада январь айы дээрлик +2 ... + 3 ° С боло турган болсо, анда Юра кантонунун бийик тоолуу өрөөндөрүндө –30 ° С ге чейин жетет.

Зергерчилик менен бирге мал чарбачылык өнүккөн....

       Узак мезгил өкүм сүргөн бейпил турмуш анын чарбасынын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Өлкө өзүнүн чыгарган сааттары менен белгилүү. Андан жыл сайын башка өлкөлөргө 80 миллионго жакын саат жөнөтүлөт. Бүткүл дүйнөнүн финансы ишинде швейцариялык банкирлердин ролу зор. Өлкөнүн тоолуу аймактарында тоолуу жайыттар көп. Ошондуктан анда мал чарбасы жакшы өнүккөн. Аймагынын көбү тоолуу келип, айдоо аянттары өтө аз, ошондуктан дыйкандар айдоого ылайыктуу алакандай жерди да үнөмдүү пайдаланышат. Ошондуктан айыл чарба продукциясы жетишпей, аны чет өлкөлөрдөн алып келүүгө туура келет.

Кызыктуу фактылар

        Европанын бардык өлкөлөрүнөн чыккан революционерлер коопсуз өлкө деп Швейцарияга келип баш калкалашкан. Бул өлкөдө кезегинде В. И. Ленин да жети жылга жакын жашаган. Женева шаарын көпчүлүк убакта өтө маанилүү эл аралык окуяларга байланыштырып эске салышат. Бул шаарда көптөгөн эл аралык уюмдар бар, ошондуктан мында маанилүү эл аралык конференция, жолугушуу, сүйлөшүүлөр өткөрүлүп турат.

Комментарийлерди караңыз:

Туризм

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg