Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи

EUROCONTROL 22-28-февраль күндөрүндөгү учуу кыймылынын отчетун жарыялады
Стамбул аэропорту күнүнө 501 каттам менен Европада лидер болду.
Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) отчетуна караганда, Стамбул аэропортунун күнүмдүк орточо каттамдардын саны боюнча өткөн жумада Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болгону билдирилди.
EUROCONTROL тарабынан даярдалган 22-28-февраль күндөрүндөгү учуу кыймылынын отчетуна ылайык, Стамбул аэропорту күнүнө орто эсеп менен 501 каттам менен биринчи орунду ээледи.
Стамбулдан кийин орточо 436 каттам менен Париж Шарль де Голль жана 425 каттам менен Амстердам Шиполь аэропорттору ээлешти.
Төртүнчү орунда болсо 398 рейс менен Франкфурт аэропорту турат.
Ал эми Мадрид Барахас аэропорту Европада орточо 348 каттам менен алдыңкы 5 орунга кире алды.

 

Комментарийлерди караңыз:

Туризм

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg