Ырчылар кырсыкка кабылды

       Кечээ, 29-мартта, түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган. Генералдык штаб мунун кесепетинен бир аскер кызматкери жеринде мерт болгонун тастыктаган.
       Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 12:46 чамасында "КамАЗ-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткенин билдирген.
Кырсыктан набыт болгон аял Сокулук маданият үйүнүн директору, Генералдык штабдын аскердик оркестрлеринин биринде иштеген Нурзат Ажыгожоева болгон.
Жакындарынын айтымында, ал Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн. Артында үч баласы калды.

       Жаракат алгандардын арасында кыякчы Залина Касымова менен ырчы Бурулча Турарбек кызы да бар.
Касымова Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кечээ саат 17:00дө түшкөн. Оорукананын маалымат кызматы кыякчынын мээси чайкалып, акыреги сынып, мойну жана буту-колу жабыркаганын билдирген.

       Ошол эле медициналык мекемеде Турарбек кызы да жатат. Анын мээси чайкалып, буту-колу жабыркаган.

        Кырсыкка кабылган дагы үч артист учурда Беш-Күнгөй айылындагы аскер госпиталында жатат.

НурЧолпондун апасы Мейликан Эмилбекова кырсыктан кийин ырчылар беш саат бою каралбай ара жолдо калганын айтып нааразычылыгын билдирген.
Ошондой эле ал кырсыкта кызынын мээси чайкалып, маңдайы жарылганын билдирген. Нурчолпонду түштүк регионуна концерт коюу үчүн Генералдык штаб чакырган.

       Ал эми Башкы штабдын маалымат кызматы жагдай такталгандан кийин гана маалымат бере турганын билдирген.

Комментарийлерди караңыз:

Коом

Все права защищены © 2020

Сайт разработан: http://webformat.kg